super.kg logo

Үңкүр-Тоону коргоо комитети элге кайрылуу жолдоду

 

Үңкүр-Тоону коргоо комитети 24-августта элге кайрылуу жолдогонун "Азаттык" сайты жазып чыкты. Комитеттин кайрылуусунда Өзбекстандын милиция кызматкерлери өзүм билемдик кылып Үңкүр-Тоодогу телемунараны басып алып, жумушчуларын барымтага алып жаткан кезде КТРК аркылуу такталбаган маалымат таратылып жатканына нааразылык айтылган.

23-августта КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасынан "2006-жылы 3-октябрда ошол мезгилдеги президент Курманбек Бакиев Ташкент шаарында №20-протокол менен сатып жиберген” деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дагы дүрбөлөӊгө салды. Эгерде Курманбек Бакиев Ташкент келишиминде өткөрүп жиберген болсо, аны кайсы чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш ратификация кылды экен?” деген суроо менен кайрылуу ээлери бийликке бир нече талап коюшкан.

Аны менен бирге коомчулукка такталбаган маалымат таратканы үчүн КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кызматынан кетүүсүн, Үңкүр-Тоо жана Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишимдер кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштөөсүн, ММКлар аркылуу туура эмес маалыматтарды берүүнү токтотууну, КТРК жарыялагандай, 2006-жылы 3-октябрда Ташкент келишимине кол коюп, Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берип жиберген Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров Аксыга келип элге түшүндүрмө берүүсүн, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы, Баш мыйзамдын автору Өмүрбек Текебаев да Аксыга келип мыйзамдуулук боюнча так маалымат берүүсүн жана Өзбекстанда барымтада жаткан "Кербен РРС-24" радиорелейдик станциясынын төрт кызматкерин кайтарып алуусун кыргыз бийлигинен талап кылышкан.

Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюп, кыргыз чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле жолугушууда Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Өзбекстандын ИИМ кызматкери бошотулган. Бирок Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген 4 кызматкерди кармап кетип, камап коюшканы бүгүн белгилүү болду. Чек ара кызматы 4 жаранды бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(41)
24.08.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Бийлике азыр чек ара маанилуу эмес, конституцияны озгортуп ордунда калуу менен убара!кайран элим (((((
24.08.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Тообоо 7 милициясы кирип келип ушунча дүрбөлөң кылып жатышса,анда армиясы келсе жөн эле кармата койобузго.окуган сайын жаным чыгып жатат.Аксы элим,Алай эли силер менен ...
24.08.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
кайсы арыбызга 25жыл эгеменуулукту тособуз дагы,7милиция чарчатып жатышса
24.08.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Болду Атамбаевтин бийлиги з***л кылды, бир маселени чече албайт, оздору сатып алып Бакиевти кунолойт.
24.08.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бакиев убагында китепти арандага алганды жок кылды эле Атамбаев эми кайра карапайым элдин балдары ар китепке жылына 12сомдон толосун деп жатат уяты жоктор
25.08.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран Элбиз кайран элбиз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: