Төкмө акын Элмирбек Иманалиев "Кыргыз Республикасынын Эл артисти", ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Бактияр Токторов "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алышты





Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-августта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйланышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Даңк медалы менен "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко, бийчи Атай Өмүрзаков;
"Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген ардактуу наам менен түрк маданиятынын "ТҮРКСОЙ" Эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Кожогелди Кулуев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов;
"Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наам менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Рысбек Жумакунов, төкмө акын Элмирбек Иманалиев;
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам менен ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Жеӊишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев;
"Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наам менен режиссёр Темирбек Бирназаров, "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров жана башкалар сыйланышты.
Эскерте кетсек, Мирбек Атабеков “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолу “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарын алган. Ал эми Бактияр Токторов жетектеген "Биз" тобу "Заманыбыздын супер тобу" сыйлыгына ээ болгон.

Ушу мирбок сага профессионалбы? Жандуу ун
менен ырдаганын угуп корсон нааразы болосун
Алганан наамынар мн куттуктайм
2) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти"
Кайсынызы өйдөрөөк?
КОНЕЧНО Эл артисти бийик турат да! Мыкты кызматкер, Эмгек синирет, анан ЭЛ артисти болот...
Айнеске лейтенанттан сразу эле
Генерал-лейтенантка секиргендей эле
болуптурго
Сен гулзааданын тууганы окшойсун
Бирок Атабеков кичине шашкандай го эже агайлары туратго бул жакта
Ооба гулзааданы баары эле билет, баары эле нааразы.
Руслананы туурап журот
Бул деген коп жылдан бери талыкпай иштеп келген учун берилди, ал учун эч кандай сыйлык деле же акчалай турдо эч нерсе албайт болгону эмгегин баалады. Алса алыптырда Мирбек эмне болуптур татыктту наам ал учун!!! Же силерге бериш керекпиле ?
Колдо бар алтынды барктай билели туугандар
Эгер сен нараазы болсон анда талыкпай иштеп ал ошол наамды!! Аны эч ким ээлеп алган жок ким эмгектенсе, талантын коргозсо, Кыргыз элиме кызмат кылса алсын!!!