super.kg logo

Самаркандда Ислам Каримовду жерге берүүгө даярдыктар көрүлүп жатат

 

Өзбекстандын алгачкы президенти Ислам Каримовдун кичи мекени Самаркандда аны жерге берүүгө даярданышууда. Бул тууралуу кечээ, 1-сентябрда "Фергана" басылмасы жазып чыкты.

"Биздин корреспонденттин тартып алган сүрөттөрү боюнча, өзбек лидери эки бир тууганы жана апасы коюлган Шахи Зинда тарыхый архитектуралык эстелигине туташкан көрүстөнгө коюлат", - деп жазылат басылмада. Басылманын жазганы боюнча, Каримов 3-сентябрда жерге берилет.

"Мамлекеттик учак Ислам Каримовдун сөөгү менен Ташкенттен Самаркандды көздөй сапар алды", - деп кошумчалаган басылма.

Ошол эле маалда "Озодлик" басылмасы Самаркандга премьер-министр Шавкат Мирзияев келгенин жазган. 1-сентябрда кеч кирип калганына карабастан, миңдеген көчө шыпыруучулар Регистан аянтынан Бибихоним күмбөзүнө чейинки аймакты тазалап жаткандыктары кабарланууда.

Ал эми социалдык тармакта ачылган "Здоровья Каримову" баракчасында "Мен мунун баары түш болуп калышын каалайм, мени ойготуп коюшун каалайм. Бирок бул чындык жашоодо болуп жатат. Ар бир адам өлөт, аны биз билебиз. Бирок биз акырына чейин лидерибиз тирүү экенине ишенип келгенбиз, биз баарына аны жашайт деп айтып келгенбиз. Биз баарыбыз аны күткөнбүз, миллиондогондор тааныган үнүн, анын сөзүн уккубуз келип, баарыбыз жылмаюусун көргүбүз келген. Тилекке каршы, ал жок. Бирок биздин президент биздин жүрөгүбүздө жашайт. Ислам Каримов - түбөлүктүү президент. Ислам Каримов Ататүрктөй эле элди бириктирген атабыз!" деген билдирүү жазылып, президент тууралуу талкууланып жатат.






Самаркандда Ислам Каримовду жерге берүүгө даярдыктар көрүлүп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(41)
02.09.2016. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балээ калк экен да эй озбектер.Уч кун жашырышып тооба кылдым.Жайы жаннатта болсун!
02.09.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
озбектердин майрамы точно башталды го. Каримов жайы жаннатан болсун. Биздин мамлекет кийинки президент менен жакшы болуп Кыргызстан онуксун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: