super.kg logo

"Күйөөсүн жиликтеген" деп шектелген келиндин соту: Айыпталуучу күйөөсүн белгисиз адамдар өлтүргөнүн айтты

 

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карады. Анда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрттү.

Ал сот отурумунда: “Ошол күнү балдар менен үйдө болчумун, эшик ачылып-жабылганынан ойгонуп кеттим. Коридорго чыксам бардык жер кан экен. Анан бычак көтөрүп, кара футболка кийген адам келди. Ал “күйөөңдү көрөм десең унчукпа, эртең адамдар келгенде алар айткандай кыл” деди. Биринчи эле балдарымды ойлоп, апамдын үйүнө кетип калгам. Кайра келсем бир нерсе издешкенби, айтор, үй чачык экен”, - деди.

Ошондой эле ал белгисиз аял пакеттерди берип, тиешелүү даректерге таштап келишин талап кылганын айтты.

Ал эми эмнеге мурда башкача көрсөтмө бергенин: “Алгач жактоочулар ушундай көрсөтмө беришимди сунуш кылышкан, бирок мен күйөөмдү өлтүргөн эмесмин. Башынан эле ошентип айтып келе жатам”, - деп түшүндүрдү.

Кийинки сот отуруму 23-сентябрда уланат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(46)
14.09.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Акча баарын чечет. :)
14.09.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Arbakty naarazy kylbagyla kudai baaryn korup turatko
14.09.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
koshterek,
Чоңдор, акчасы барлар кудайдан коркот дейсизби?
14.09.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эх адамдан откон жырткыч жок. Ким болсода оз жазасын алсын.
14.09.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эптеп сотту чозуп кутулуп кетет, же саналуу айга гана кесет! Же психушкага жайгаштырып эптеп кутулат. Иши кылса мойнуна алса деле, жыйынтык чыга элек?! Уже жыл айланып бутту окшойт бул окуяга!
Кандай толк биздин судьялардан?…
tavanova.sarah түзөттү 2016-09-14 19:12:50
14.09.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Башында ойлонгон элем аял киши кантип эле деп. Болушу мүмкүн башкалар өлтүрүп , бул кызды коркутуп айттырып койгондой.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: