Атамбаев жайгашты делген мейманканада эң кымбат номердин баасы суткасына жарым миллион сомдон ашык (фото)













Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жайгашты делген Түркиядагы беш жылдыздуу “Шератон” мейманканасында стандарттык эң арзан номердин бир сутка үчүн баасы 126 долларга (8665 сом)*, ал эми "люкс" класстагы эң кымбат номердин бир сутка үчүн баасы 8154 долларга (555 855 сом) барабар. Бул маалымат аталган мейманкананы туристтер үчүн сунуштаган интернет-баракчада жазылган. Аталган мейманкана Эгей деңизинин жээгинде жайгашкан, анда жалпысынан 398 номер бар.
Айта кетсек, 20-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы айтылган. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган. "Хаберлер" түркиялык басылмасы президент Түркиянын Измир шаарындагы "Шератон" мейманканасында экенин жазып чыккан. Бүгүн президенттик аппараттын айрым кызматкерлери Түркиядан Бишкекке кайтып келгенин, ал эми Атамбаев ал жерде 1-октябрга чейин калышы мүмкүн экенин билдирген.
*Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 22-сентябрына карата валюта курсу боюнча 1 доллар 68,7696 сомго барабар.




Анан да Атамбаевине да, кошоматчыларына да баары бир да элдин акчасыбы же башкабы, кунуно миллион чыгымдалабы, оз чонтокторунон чыкпагандан кийин....
Окубайсынбы жакшылап, Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына баратып ооруп калды деп турат, Туркиянын аэропортунан тез жардам алып кетип бара жаткан видеосун коргон жоксунбу. Кыйын кундо шылтоолоп качып кетип баратып деген эч нерсе жок бул жерде!!!
болуу отоо кыйынго, бирок
аракет жасоо кк
Президнттинби,кимдин болсода
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! 30 күн БАНга!