super.kg logo

Москвада "өз мекендештерин карактап, тоноп, опузалап жүргөн" деген шек менен 6 кыргыз жараны кармалды (фото)

 
Бул паспорт жабырлануучуга таандык болушу мүмкүн
Бул паспорт жабырлануучуга таандык болушу мүмкүн

Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 6 адам кармалды. "Булар жыл башынан бери Москва шаарында өз мекендештерин карактап, тоноп, опузалап жүрүшкөн. Жабырлануучуларды токойго алып чыгып денелерине оор залал келтиришип, кээ бир жабырлануучулар коркконунан мекенине учуп кетишкен. Сүрөттөгү кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн тааныгандар болсо, ким жабыр тарткан болсо, Москвадагы элчиликке келип же телефон аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Андан сырткары булар кармалган учурда башка бирөөлөрдүн паспорттору менен жүрүшкөн. Бул паспорттордун ээлери жабырлануучулар болушу мүмкүн, анткени кармалгандардын бири бизге арыз жазган жабырлануучунун паспорту менен жүргөн. Сүрөттөгү паспорт ээлерин тааныгандар болсо, бизге кабарлап койсоңуздар. Дареги: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү-62 же +7 (926) 189-10-17 телефон номерине чалыңыздар", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(45)
24.09.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Бетинен не уялдыңарбы же корктунарбы
24.09.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыргыздар кайака барып атабыз кыргыз кыргыз ды тонойбу
24.09.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллах
24.09.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аллахым жазаанарды берсин.
24.09.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Москвада буларга окшогон чакан черныйлар коооп азыр. Залга 2-кун барат 3-куну черный
24.09.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Президентибиздин элим кайда баратабыз деген баннерлери тура экен. Буларга соз жок ата энесине эле кыйын ошолорду ойлоп ак эмгек менен иш кылбаптыр эл караган козун жер каратпай
24.09.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арам акча тешип кетерин билишеер бекен булар
24.09.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куртка тааныш учурайт, кимдин ушундай курткасы бар эле?
24.09.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эми кантип тааныйт бетин корсотпой дагы тааныйсынарбы деп, корсото бергиле буларда адамдык сапат деле жокко эсего
24.09.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бетин жап койсо ким таныйт
24.09.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Карышкыр сезип журсо керек озунчоо.булар шакалдар.бирме бир чыкса сындам алтоону тен!
24.09.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уяяяяяяят
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: