super.kg logo

Гүлнур Сатылганова "Сахна" аттуу ырын Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап жатканын айтып чыкты

 

Ырчы Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы "Сахна" аттуу ыр жакында жарык көрдү. Кызыгы, ушул эле ыр Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда да жаңырууда. Улуу муундагы ырчылардын ортосундагы ыр талаш социалдык тармактарда катуу талкууга алынып жатат. Буга байланыштуу Г.Сатылганова Facebook социалдык тармагындагы өздүк баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

"Ардактуу достор жана менин күйөрмандарым! Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жана радиолордо "Сахна" деген жаңы ырды менин аткаруумда угуп жатасыздар. Ошондой эле Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусунда дагы бул ыр жаңырууда. Ошондуктан сиздерге жагдайды түшүндүрүп коюуну туура көрдүм. Быйыл февралда ырдын сөзүн жазган автор менен жолугушуп, бул ырдын сөзүн буйрутма менен жаздыргам. Анан бул текстке обон жаздырып, авторлор менен келишим түзүлгөн. Ошентип, жарым жылдан бери бул ырдын үстүндө иштеп жаттык. Менин айтайын дегеним, буйрутма менен мен үчүн жазылган бул ырды Айчүрөк Иманалиева авторлордун уруксатысыз ырдап алганы авторлордун да, менин да кыжырымды келтирип жатат. Себеби ырчылык - бул менин кесибим, андыктан ырларыма жасаган жоопкерчиликтүү мамилем, ага короткон убактым, каражатым ар бир ырымдын мен үчүн кымбат турарын далилдейт. Ошондуктан бул жагдайга көз жумуп коё албадым. Негизи, биздин чөйрөдө ушундай учурлар көп эле болот. Мисалы, бир ырчынын ырдаган ырын башка ырчы уруксатсыз ырдап алган ырчылардын адепсиздик, адамгерчиликсиз мамилесин туура эмес деп ойлойм", - деп жазган Гүлнур Сатылганова.

Телефон аркылуу байланышканыбызда Гүлнур Сатылганова SUPER.KG порталына буларды айтып берди:

"Айчүрөккө чалып айтып баштасам, телефонун өчүрүп койду. Кийин чалсам алып, ар кайсыны айтып кыйкырып, ажылдап баштады. Автордон да кайра-кайра сурадым, текстин берген жок белеңер деп. Эгерде "ооба, бергем" десе, унчукпай калмакмын. Автордон сурасаңар да "Айчүрөктү тааныбайм" деп айтат. Бул чыгарманын үстүнөн кыштан бери иштеп жаткам. Мен жогоруда болгон окуяны айтып чыктым".






 
 Кыстарылган аудио 

Гүлнур Сатылганова "Сахна"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(106)
27.09.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми экоонун сабашын окуйт экенбиз да))))эми Айчурок не дейткен?)Айчурокту ошентип элестетчуу элем.Айкандайле Гульнурга ошондой мамиле жасаптыр
aseras түзөттү 2016-09-27 13:33:15
27.09.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул ырдан гулнур эжебиз миллионерша
болот эледа каап
27.09.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Силерге не жок эми
Медиа-портал
27.09.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге ачпайт
27.09.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда өзү автордук укуктар көп бузулат.Ушул нерсени токтотсок жакшы болмок.Айчүрөк эжебиз бир ооз сурап койсо деле эч ким эч нерсе демек эмес.Бизде чет жердегидей акча деле талап кылынбайт го
27.09.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov,
Укасы эмессинби сулучайно
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: