super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Сахна" ырынын обонун жазган Рамис Алиев: "Чыгарма бир гана Гүлнур Сатылганова үчүн жазылган"

 

Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын ортосундагы "Сахна" ырынын талашы социалдык тармактарда дале катуу талкууга алынып жатат. "Эки ырчыны кыргыз элинин мыкты ырчылары деп тааныйбыз. Бирок кандай жол менен бирөөгө жазылган ырды башка киши ырдап калышы мүмкүн?" деген суроо көпчүлүктө пайда болду. Андыктан ырдын обонун жазып, аранжировкасын жасаган Рамис Алиевге "Чыгарма чынында ким үчүн жазылган?" деп суроо салдык:

- Чыгарма Гүлнур Сатылганова үчүн жазылып, ага уруксат берилген. "Тиги жакшы ырдайт, бул жакшы ырдайт" деп эки ырчыны бөлбөйбүз, экөөнүн тең чыгармачылыгын сыйлайбыз. Айта берсе сөз көп, эртеби-кечпи, баары менен иштешебиз.

- Көпчүлүктө "Ыр кантип Айчүрөк Иманалиевага жеткен?" деген суроо жаралып жатат...

- Айчүрөк эже фестивалга барып ырдаганга башка ыр жаздырып кеткен. Фестивалга барып келгенден кийин ыр жакпай калыптыр. "Кандай ыр жазыш керек?" десем, "билбейм, өзүң карап көр" деди. "Гүлнур эжеге жазып жаткан ыр бар, ушул сыяктуу ыр чыгарып берейинби?" десем, угуп көрүп, "сонун ыр турбайбы, мага WhatsApp`тан жиберчи" деп калды. Анан ырдын "черновой" вариантын жибергем. Эч качан ырчыга бүтө элек варианты берилбейт. Айчүрөк эже ошону алып ырдаган, артында мелодиясы ээрчип жүрөт, негизи, андай болбойт. Ал эми Гүлнур Сатылгановага бүткөн варианты берилген.

- Бир ырды жаздырууга, аны иштеп чыгууга сиздерге канча акча каражаты төлөнөт?

- Мындай суроолорго жооп бере албайм. Ырдын сөзүн жазган авторго, обончуга, аранжировкасына чогуу төлөнөт. Ал эми "Сахна" ыры үчүн Айчүрөк Иманалиева акча төлөгөн эмес, анткени фестивалга башка ыр жаздырып кеткен.

Белгилей кетсек, жакында эле Гүлнур Сатылганованын "Сахна" аттуу ыры жарык көргөн. Андан аз өтпөй ырчы бул чыгарманы Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап чыкканын айткан. Ал эми Иманалиевага буга "ырды мен Гүлнурдан мурун ырдап чыктым" деген жооп узаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(39)
29.09.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Демек ыр толугу м.н Гулнурдуку экен. Айчурок туура эмес кылган.
29.09.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул акыйнек качан бутот?
29.09.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyz_girl,бүттү
29.09.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Мен ишенген жокмун авторго,чын эле акча суйлоп калган заман.Кантип эле вотсаптан жонот десе жоното калсын...Адамкерчилик каякта калды.Акча десе апасын сатып ийчулор кобойду го.
29.09.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
HAPPY.GIRL Туура айтасыз азыр акча суйлоп калган. Айчурок эжебиз айтып жаткан эле 4000 мин $берген кишинин созун суйлойт авторлор деп.
29.09.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бала кезде ушу эки ырчынын ырларын угуп чонойдук, экоо тен талантуу ырчылар, элдин алдында айтышпай бутуруп алышса болмок!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: