Депутат: "Балдар түнкүсүн мечиттерде айтылган азандан жана кафелердеги музыкадан уктай албай жатышат"

Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов түнкүсүн мечиттерде азан айтууга тыюу салууга чакырды.
"Мечиттерде түнкүсүн азан аябай катуу айтылууда, үндүн бийиктиги санитардык нормадан жогору болуп жатат. Саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынышы керек. Балдар түнү менен уктабай, мектепке кечигип калышууда. Санитардык-эпидемиологиялык станция бул маселеге көңүл бурушу зарыл. Мындан тышкары ресторандарда, кафелерде түнкүсүн ырдалган репертуарды биздин балдар жаттап калышты. Кайсы ырлар ырдалып жатат, кимдин дарегине тосттор айтылып жатат, баары угулуп жатат. Мунун баары сабак окууга тоскоолдук жаратууда", - деп арызданды депутат.
Депутат: "Мечиттерде түндө айтылган азан элдин тынчын алууда"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-4

Силер 25жылдан бери эч нерсе кылбаган,алар 3 күндө эмнени кыйратат???