super.kg logo

"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Бактияр Токторов жана башкалардын колуна тапшырылды

 
Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алды.
Гүлзада Рыскулова "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алууда.
Элмирбек Иманалиев "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамына ээ болду.
Бактияр Токторов "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болду.
Шайыр Касымалиева Даңк медалы менен сыйланды.
"Кыз-Бурак" эстрада тобу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бүгүн, 11-октябрда мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын, социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарды II жана III даражадагы Манас ордени, Даңк медалы, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими", "Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген ишмер", "Эмгек сиңирген кызматкер", "Эмгек сиңирген дарыгер", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" мамлекеттик наамдары менен сыйлады.

"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Бактияр Токторов, Гүлнара Тойгонбаева, төкмө акын Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевге берилди.

Республика боюнча жалпы 250 адамга сыйлык тапшырылды. Өлкө башчысынын колунан мамлекеттик сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутатынан баштап бала бакча жетекчилерине чейин алышты. Алардын катарында чек арачылар, укук коргоо, маданият кызматкерлери, машыктыруучулар, журналисттер, социалдык кызматкерлер, жергиликтүү шайлоо комиссиясынын төрагалары, билим берүү тармагы боюнча мугалимдер, айыл чарба кызматкерлери, дарыгерлер бар.

Даңк медалы актриса Шайыр Касымалиева, ырчы Светлана Назаренко, бийчи Атай Өмүрзаков сыяктуу сахна адамдарына ыйгарылды. Ал эми "Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" наамы менен режиссёр Темирбек Бирназаров, "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров жана башкалар сыйланышты. Ошондой эле "Кыз-Бурак" эстрада тобу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Аземдин жүрүшүндө президент Атамбаев ар бир кызматкерге өз колу менен төш белги жана наамдарды тапшырды.






Бир катар инсандар мамлекеттик наамдар менен сыйланышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(39)
11.10.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алган сыйлыгынар Кут болсун.
Куттуктаймын баарынарды.
11.10.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Упай топтоп жатат Атамбаев. Туулган кунуно барган ырчыларды сыйлаптырго. Ааа кысталак десе кантип болсун ушундай. Шаштысы кеткенго кыязы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: