super.kg logo

Сузакта асынып алган баланын каты: "Апамды эле күтүп жүрөм, аны бир көрсөм болду"

 

Сузак районунун Сымкат айылында он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кырчындай өмүр кыйылды. Бул окуя 23-октябрь күнү саат 16:30 чамасында болгон. Анда 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков өз үйүнүн короосунда асынып алган.

Маркумдун атасынын иниси Эркин Алимбеков тууганынын өлүмүнө айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер экенин айтат.

Кубанычбек Токтосунов 15-октябрь түнү Шерзатты айылдын четиндеги алма бакта “10 миң сом уурдаганыңды мойнуңа аласың” деп сабаган. "Бакка асып коём" дегенинен корккон Шерзат кылбаган ишти мойнуна алган. Мындан улам атасы 10 миң сом төлөп бериптир. Кийин Шерзат мага ак экенин айтып, милиция алып койгон 3900 сомун алып берүүмдү өтүндү. Милицияга барсак “Ошол акчаны кантип сурап жатасыңар? Ишти башынан тергейбиз, баланы камакка алабыз” деп коюшту. Болгонун Шерзатка айтып берсем, “Аба, сиз да мага ишенбедиңиз, акырына чейин турам дедиңиз эле, турган жоксуз. Мен аны далилдеп берем. Ошондо түшүнөсүз” деген. Мен ага анча көңүл бурган эмес болчумун”, - дейт Эркин Алимбеков.

Ал эми маркум калтырып кеткен катта Орусиядагы апасын сагынганы жана эч кандай уурулук кылбаганы жазылган.

Мен Бакыт акенин 10 миң сомун алган эмесмин. Анын баласы түнкү саат 2де алма бакта сабаганынан өлтүрүп коёбу деп мойнума алгам. Мылтыгынын мага эмне кереги бар? Аны кантип көтөрүп жүрмөк элем? 3900 сом менин акчам болчу. Анын 2000 сомун туалет казып алгам. Калганын чогултуп жүргөм. Ата, сиз мени ууру деп ойлобоңуз. Ал жерде мен акмын. Ак экенимди далилдеп берем. Мен азыр апамды эле күтүп жүрөм. 2-3 күндөн кийин келсе, аны бир көрсөм эле болду. Өзүмдүн жана сиздин акчаңызды да төлөтүп берем. Акыркы сөзүм - мен акмын!

Шерзат Сымкат айылында атасы менен бирге турчу. Ал эми бир тууган агасы менен апасы Орусияда иштеп жүрүшкөн. Шерзат тирүү турганда 2-3 күндөн кийин эле апасы чоң атасынын ашына келери күтүлүп жаткан. Эми минтип сыздаган эне уулун акыркы сапарга узатууга келип отурат.

Бул окуядан кийин баланын атасы милицияга арыз менен кайрылып, Кубанычбек Токтосуновду жоопко тартууну суранган.

“1992-жылы туулган Кубанычбек Токтосуновдун мектеп окуучусун сабаганы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми аймактык милиция кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек”, - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы.

Ал эми кылмышка шектелип жаткан Кубанычбек Токтосуновдун атасы Бакыт Токтосунов баласынын эч кандай күнөөсү жок экенин айтты: “Аны эч ким кыйнаган эмес, мойнуна өзү алган. Атасы улам келгенинен эч кандай доом жок деп жазып бергем”.

Толук маалыматты "Супер-Инфо" гезитинин №730-санынан окуй аласыздар.






10 миӊ сом үчүн асынып өлгөн баланын акыркы видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(55)
Медиа-портал
26.10.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Милиция кызматкерлери көп нерселерди ушинтип уруп-сабап, коркутуп моюнга алдырышат. Өткөндө бир райондун РИИБне барып калсам, милиция кызматкери жабырлануучуга кыйкырып жатат. Жабырлануучу 50дөгү эже экен "эмнеге мага кыйкырып жатасың, кыйкырганга акың жок" деди эле унчукпай калды. Укмуш эми, ал жерде 1 сааттай болдум, 3-4 окуя катталды ушул эле убакытта. Бири мени зордуктаганга аракет кылды, бири велосипеддимди уурдап кетиптир деп кайрылды. Бир жаш кыз келди, көзү көрүнбөйт, 3 бала зо
Медиа-портал
26.10.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Байкушум тируудой эле жургондойсун чырагым..Жаткан жерин жайлуу болсун
26.10.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
((((Козго жащ айланды...
26.10.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
"Жигитти намыс олтуроот" деген ушулда!
Уурулар мындай кылалбайт эч качан!
Жаткан жерин жайлуу болсун ылайым!
26.10.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
3900 сомду милиция алып бербей койгону анык факт экен. Тушунуктуу. Эки ата оз ара келишип алгандан кийин милиция ал акчаны (3900 сом) озуно ыйгарып алган. Бул жерде милиционерди жок эле дегенде жогорудагы факт менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.
26.10.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aibo_85, коросун го милицияга эч нерсе болбойт. Эртеси эле кулуп журо берет.
26.10.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
3900 сомду алганын милиция озу мойнуна алып жатпайбы байкуш маркум оспурумдун мандай тери менен тапкан акчасын.
26.10.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаткан жерин жаннаттан болсун иним ата-энене жана жакындарына терен кайгыруу менен сабыр айтам.Куноолу иш кылсан аллах кечирсин
Moskva.kg түзөттү 2016-10-26 19:21:56
27.10.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Moskva.kg, Айланайын ата энелер балдарынарды таштап россияга кетпей эле койгулачы. Акча деп журуп канча бала олду. Бала чакасын таштап кеткен киши коп биздин айылда дагы
26.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошо ментин баласы ушинтип сыздап калсын башка соз жок
26.10.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баарына Кудай бар...
26.10.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Medinaa,качанга чейин кудайга салабыз.
26.10.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жалко
26.10.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бироонун чырактай болгон баласын олтуруп коюшуп эми убалы, ата энесинин коз жашы канча!!!
жаш балдарды тепкилеп сабаганча ата энесине кайрылсанар эки эсе кылып бермек!!!
Жалган жалааны жаап мойнуна алдырып, жаш тайынан жашоо менен кош айтышып кете берди.
Бул кылган иш кырк жылда эмес кырк кундо оз башына кайтып келет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: