super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасованын концерти "Кыргызстан" аттуу ыры менен жыйынтыкталды (фоторепортаж)

 

21:45. Сайкал Садыбакасованын чыгармачылыгынын 15 жылдыгына карата өткөрүлгөн жеке концерти "Кыргызстан" аттуу ыры менен жыйынтыкталды. Ырдап, бийлеп, баарына жетишкен ырчы бул концертинде өзүнүн күйөрмандарына жаңы чыгармаларын тартуулады. Кече соңунда ырчыны күйөрмандары гүлгө ороп, ийгилик каалап тарашты.

21:35. Казактын ырчы кызы Индира Елемес Сайкал Кыргыз жеринде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да популярдуу экенин айтып өттү. Ырчы өз репертуарындагы чыгарманы аткарган соң "Кыз-Бурак" тобунун "Практикант агай" ырын казак тилинде ырдады. Чыгарма Казакстанда да хит болгонун айткан Индира Елемес ыр үчүн Гүлшайыр Садыбакасовага ыраазычылыгын билдирип өттү.

21:25. Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик" чыгармасын тартуулашты. "Сайкал -кыргыздын ар тараптуу таланттуу кызы" деген Нурлан Насип ырчыга ийгилик каалады. Андан соң сахнага казак ырчысы Индира Елемес чыкты.

21:20. Сайкал Садыбакасова "Эстей жүр", "Сүйүүмдү сезбедиң" деген ырларын аткарды.

21:10. Учурда Ильяз Абдыразаков "Жамийла" ырын аткарууда. Алып баруучу Чыңгыз Мырзаев "Бул Жамийла Расул Маматкулов ырдап жүргөн качанкы Жамийла. Эми сен Жамийла эже деп ырдашың керек" деп тамашалай кетти.

21:00. Ошондой эле бул кечте ырчы маданиятка, музыкага кошкон салымы үчүн сыйлык, дипломдор менен сыйланды. Келген коноктор ырчыга каалоо-тилектерин билдирген соң Сайкал кайрадан элге белгилүү чыгармаларды сунду. Кеченин коноктору Жийдеш Идирисова, Ильяз Абдыразаков менен дуэт ырларды аткарды.

20:45. "Таланттуу адам ар тараптан таланттуу" дегендей, ырчы концертинде жаш комузчу Назбек Кенчинбаев менен бирге комузда кол ойнотту. "Сиздер үчүн аракет кылдым" деген Садыбакасова комуздун коштоосунда элдик ырды аткарды. Андан соң ырчыны куттуктоого келген конокторго сөз берилди.

20:35. Сайкал чыгармаларын залдагы эл менен кошо ырдап жатты. Ырчы "Кыз-Бурак" тобунун белгилүү "Ак куулардын арманы" ырын тартуулап жаткан кезде топтун мурдагы ырчылары Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова сахнага бир-бирден чыга келишти. Алардын чыгуусун эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды. "Биз үчүн баягы эле кичинекей, эркелеген Сайкал" деген ырчылар Сайкал Садыбакасовага көптөгөн ийгиликтерди каалап өтүштү.

20:25. Ырчы репертуарындагы "Алдаба", "Ыйлатпачы" сыяктуу ырларынан попурри аткарды. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер, ошондой эле "Кыз-Бурак" тобунун ырчылары коштоп жатышты. Андан соң чакырылган конок ырчылардын бири Гүлжигит Калыков сахнага чыкты.

20:10. Чыңгыз Мырзаев "алманын түбүнө өрүк түшпөйт, апасы Эл артисти болсо, эжеси Сайкал Садыбакасова болсо" деп бүгүн сахнада тушоосу кесилген Эркинге чыгармачылык ийгилик каалап өттү. Алып баруучу "келе жаткан шайлоолорго карата "Алдаба" чыгармасын ырдайт" деп тамашалай сахнага Сайкал Садыбакасованы чакырды.

20:05. Бул кечте Гүлшайыр Садыбакасова кызы Сайкал жалгыз эмес экенин айтып өттү. Ошондой эле уулу эжесине сюрприз кылуу үчүн атайын Оштон келгенин билдирди. Сахнага чыккан уулу Эркин эжесин чыгармачылык кечеси менен куттуктап, сахнага алгачкы чыгуусу менен ыр белек тартуулады.

20:00. Ырчы "Асыл апам" ырын ырдап жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова сахнага чыкты. Эл артисти залдагы элге: "Сиздерге ыраазымын, таазим кылууга уруксат этиңиздер. 2001-жылы "Кыз-Бурактын" чоң концертинде ырдап чыгып тушоосу кесилген эле. Мына ошондон бери элдин батасы менен өнүгүп-өсүп келе жатат", - деп кызына чыгармачылык ийгилик, бакыт каалап, ага арналган ырын окуду.

19:50. Учурда патриоттуулукка үндөгөн, кыргыздын жигиттерине арналган чыгармасын аткарууда. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер коштоп жатышат. Залдагы көрүүчүлөр суратпай кол чаап, ырчыга гүл тартуулашууда.

19:40. Концерттин алып баруучулары Чыңгыз Мырзаев менен Нурзат Токтосунова сахнага чыгып ырчы тууралуу маалымат менен элге тааныштыра кетишти. Сахнада жүргөнүнө 15 жыл болгонун, жетишкен ийгиликтери, тасмада жараткан ролдору жөнүндө айтып, ырчы, обончу, актриса Сайкал Садыбакасованы сахнага чакырышты. Сайкал Садыбакасова Чолпонай менен биргеликте "Кыргыздын кызы" деген жаңы чыгармасын аткарды.

19:30. Белгиленген убакыттан бир саат өткөн соң ырчынын концерти башталды. Сайкал Садыбакасова бийчилердин коштоосунда сахнага чыкты. Репертуарындагы бир нече ырлардан попурри аткарды.

19:00. Бүгүн, 1-декабрда борбор калаадагы Спорт Ордосунда "Кыз-Бурак" тобунун ырчысы Сайкал Садыбакасованын жеке концерти башталуу алдында турат. Учурда залга ырчынын күйөрмандары кирип, өз орундарына жайгашып жатышат. Концерт 18:30да башталат деп айтылгандыктан, залдагы эл улам кол чабуу менен концерттин башталышын күтүп жаткандыгын билдирүүдө.


кошулду





Сайкал Садыбакасованын жеке концерти

Сайкал Садыбакасованын жеке концерти

Сайкал Садыбакасова чыгармачылыгынын 15 жылдыгын белгиледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(58)
01.12.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жагымдуу кыз, уну да уккулуктуу. Ийгилик Сайкал кыз.
01.12.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Толик сынчы бардыбы концертке? Бизда концерт коргондой болобуз Толик сынчынын сыны м.н!!!
01.12.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Толик сынчы олтурган чыгар залдын бир бурчунда,кирген адамдарды залдын корунушун артисттерди сын коз менен карап.Эмне деп жазсам болот деп.
01.12.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эл аз келгендейго, алдыңкы орундар бош эле турат.
Эмнеси болсо да жакшы өткөрүп алсын алгачкы концертин!
02.12.2016. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
omka100514,owol ataiyn bow jerdi korsotupturada ex jurnalistter adamdyn kemchiligin sozsuz kowup korsotup otosunor))
02.12.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
omka100514,баштала элек маал окшойт
01.12.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сайкалдын баары ырлары абдан жакшы уну аябай кулакка уккулуктуу
01.12.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эхх Сайкалдын унун "ун" деп айтса болот.
Оз алдынча чыкса мега ырчы болмок,
Кыз-Бурак деп жаштыгын, убактысын, атактуулугун жоготуп албасын.
Кыз-Бурак бул Кенже Гулнара Айжамал боюнча калат, башкасы аларча алып кете албасына канааттанбайм
01.12.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
KYRGYZJERI, чындыгында азыр Кыз-Бурактын составындагы ырчы кыздардан элдер бир эле Сайкалды тааныса керек, калган кыздарды тааныбайбыз деле, азыркы Кыз-Бурак Кенже, Гүлнара, Айжамал эжекелерибиз ырдап жүргөндөгү Кыз-Бурактай легендарлуу боло албайтго дейм.
01.12.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сайкал мега жылдызда и,
01.12.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооба,уну уккулуктуу жана жагымдуу. Аябай таланттуу кыз ийгилик!
01.12.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эски кыз бурак болсо кана эч кимди алдыга чыгарбаса керек эле
02.12.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец, кыргызстанда болгондо мен да бармакмын гул которуп!
Медиа-портал
02.12.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң соонун үнүңүз......
Медиа-портал
02.12.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер
02.12.2016. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сайкал азаматсың.жеке ырчы катары чыксаң мындан да укмуш болмоксуң.азыркы кыз бурактын кыздарын Сайкал эле тааныбаса эч ким деле тааныбайт.
03.12.2016. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
fanatka19, Жеке ырчы да болуп Эстей жур, Ыйлатпачы, Мени алдаба, Жан сырым, Балалыгым жана башка ырларды ырдап эле келе жатат. Актриса болуп киноолорго да катышып журот. Жакшы, жылдыздуу кыз. Ийгилик каалайм.
02.12.2016. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Озунчо деле ырдап журот канча жылдан бери. Группа менен да ырдап журот. Эн жакшы деле ун эмес. Эн начар да эмес. Орточо. Ашар концерт болуптурда.
02.12.2016. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунчалык баргым келди концертке......айла жок,кайненемден коркуп,уйдон чыгалбадым)))
02.12.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Men da barmakmyn KG de bolgonumda,Saikal talantuu jakshy kyz dep oiloim.En kymbat enelik bakyt kaalait elem saga sindim:)aktrisa bolso da mainak chykmak menin koz karashymda,unu bar,ozunun stilin daiym izdep araket kylat,tyng kyz.Apasynyn baktysyna bar bolsun,apasy da den-soolukta bolsun Saikal kyzdyn beshenesine.
BebeU түзөттү 2016-12-02 07:25:15
02.12.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МОЛОДЕЦ. СУПСУЛУУ, ТАЛАНТТУУ, БИЛИМДУУ. ЫРЛАРЫ СОНУН. ЭЧ КАЧАН ОЧПОЙ ЫРДАП ЖУРО БЕР. СЕНИ СЫЙЛАГАН, ТУШУНГОН ЖИГИТКЕ ЖОЛУГУП БАКТЫНДЫ ТАП.
02.12.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы отуптур ийгилик эми турмуш жолун танда суйуктуу жар мээримдуу эне бол
02.12.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аиииий супер инфо тим эле суперсинер. Концерке барып келгендей эле болдум. Сайкал супппер ырчы.
02.12.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кенже, Гулнара, дагы ким дейсинер биз Касиет Артыкова дегенди билебиз Кыз-Бурак дегенде. Ал эженин ырдаганы озун алып жургонундо гяп жок, ХХХ.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-02 16:41:45
02.12.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazira..., этика нормаларын сактаңыз!
SUPER.KG видео
02.12.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эле скромнаясын мактанбай орду менен суйлоп дегендей.Сонун болуптур концерт!Сулуу,жылдыздуу ,таланттуусун.Жагасын,сыйлайм.Ийгилик жана бакыт каалайм.
Медиа-портал
02.12.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сценаны жакшы жасаптыр, светодиодтор-экрандар жана башка-молодец!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: