super.kg logo

"Супер сулуу-2016" наамы менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды

 

23:25. SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине арналган концерт “SUPER.KG'ге арноо ыры” менен аяктады. Атайын порталдын 10 жылдыгына карата жазылган ырды Омар, Жийдеш, Баястан, Каныкей жана Нурлан Насип аткарды.

"Супер сулуу-2016" наамын тапшыруу үчүн "Компьютер-Пресс" компаниясынын директору, "Супер-Инфо" гезитин жетектеген Шайиста Шатманова чакырылды. Ал бүгүнкү күндүн жеңүүчүсүнүн ысымын атады. "Супер таажы" менен катар Бали аралына жолдомону Бактыгүл Орозбаева утуп алды. Ага таажыны "Супер сулуу-2013" наамынын ээси Орункүл Шабралиева кийгизди.

"Ажарлуу сулуу" наамынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшыруу үчүн сахнага стилист Замира Молдошева чакырылды. Ал сулууларга "Бүгүн сынакка ар бир кыз жакшы даярданыптыр. Ар бириңер сулуусуңар, жүрөк оорутпагыла" деген кеп-кеңешин айтып өттү. "Ажарлуу сулуу" наамы Айзада Абанбековага тапшырылды.

"Сымбаттуу сулуу" наамына Алтынай Эмилбекова арзыды.

23:10. Сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктачу мезгил келди. "SUPER.KG ажары" наамы Аида Карабаевага тапшырылды.

22:45. Порталыбыздын 10 жылдыгына арналган кезектеги дуэттердин бири "Жамиля" жаңырды. Ырды Ильяз Абдыразаков менен Эрнест Бөрүбаев аткарды.

"Жарайт Сити" күлкү жаратуучулар тобу сахнага чыгып, элди шаңга бөлөдү.

Ырдоо үчүн сахнага чыккан Нурлан Насип кичинекей күйөрманы менен жолугушту. Ырчы жаш күйөрманынын гүлүн алып, аны кубандырып эстеликке сүрөткө түштү.

22:15. Сулуулар сынагы акырындык менен чечүүчү мезгилине жакындап баратат. Кече көйнөктөрүнүн көрсөтмөсүнө бийкечтер таанылгыс болуп өзгөрүп чыгышты.

22:00. “Кара жоргону” кыргызча аткарам деп Малайзиядан келген коногубуз көпчүлүктүн колдоосуна арзыды. Фарра Фаттахтын кыргыз маданиятына кызыкканы, ырды берилүү менен аткарганы көпчүлүктүн ичин жылытты.

21:55. SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата мындан 4 ай мурун видеокуттуктоолор сынагы жарыяланган. Куттуктоо жөнөтүп, тандалып алынган 10 катышуучу элдин добуш берүүсүнө коюлган. Алдынкы үчтүккө кирген жеңүүчүлөр дагы концерттин сыйлуу коноктору катары келишкен. Аларга сыйлыкты SUPER.KG порталынын башкы редактору Гүлжан Асанкожоева тапшырды. Добуш берүүдө 3-орунду Бакыт Бекташев, 2-орунду Абиталиф Аринов ээлеген. 1-орунга Жанеля Светюкова жиберген видеокуттуктоо татыктуу болду.

21:45. Ал эми Айгерим Расул кызынын белеги да өзгөчө болду. Ал атайын ушул кечте "Түнкү Бишкек" чыгармасын тартуулады.

Кызыл түстө кийинген Дайыр Исмадияров сахнага Анжелика менен биргеликте чыгып, "Кызыл гүлүм" чыгармасын аткарышты. Ырчылар бир кезде хит болгон ырды SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арнап жаздырышкан.

21:30. Омар сахнага чыкканда алып баруучулардын демилгеси менен чыгармачыл коноктор да бийлешти. "Эгерде эркектер арасында сулуулар сынагы өтсө, Омар жеңишке жетишмек", - деп Эркин Рыскулбеков тамашалады.

21:05. Эрмек Нурбаев менен Урмат Усенов микрофон алып, кайрадан сахнага чыгышты. Демек, “Супер сулуу” сынагынын финалчылары кезектеги тапшырманы аткарышат. Алып баруучулар жар салып, “Супер сулуу” сынагынын финалчыларын чакырышты. Алар аткара турган 3-тапшырма - чыгыш бийин бийлөө. 2 айдан ашык убакыттан бери кыздар кызуу даярданып, бийди өздөштүрүшкөн. Калыстар жана көрүүчүлөр өз баасын беришмекчи.

Кыздар алгач топ менен бийлешти. Андан кийин урма аспаптын коштоосунда жекече бийлөөгө өтүштү. Урма аспапты Хамид Алимов "күүгө келтирип" жатты.

21:00. “Мен Анара эмесмин!” деп жеңелерине чаң салган Асема тасмадагы жигити Мурат менен “Айланайын” аттуу ырды аткарды. SUPER.KG порталына быйыл 10 жыл толгондой эле, Асема менен Съездбекти актёр катары тааныткан “Боз салкын” тасмасына да быйыл 10 жыл болуп жатат.

20:45. Концерттин сюрприздерге бай болору күн мурунтан кабарланган. Бүгүнкү иш-чара эки муундун жылдыздарын бир сахнада бириктирди. Буга чейинки дуэттерге удаа Адилет Азимов менен Гүлнур Сатылганова "Болсочу” чыгармасын аткарышты.

Концертте катарынан дуэттер аткарылууда. Данияр Эрматов жана Айчүрөк Иманалиеванын "Роза гүлү" чыгармасы жаңырды.

20:40. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен жаш ырчы Айдана Дека бир кезде популярдуу болгон "Кыздын сыры" ырын аткарышты. Айдана Дека Алина айым менен дуэт ырдоо, аны жаздыруу кызыктуу болгонун айткан. Ырды сахнада аткаруу да ал үчүн кызыктуу болду окшойт. Эл жылуу кабыл алып, аларды кол чабуу менен узатты.

Ага удаа "Биз" тобу менен Аваз Акимовдун үнү обого жаңырды. "Муйдусунан" аталышындагы хит порталыбыздын 10 жылдыгына карата жазылган.

20:30. Асел Турдалиева менен Алихан "Келчи, гүлүм" аттуу ырды аткарышты.

20:25. Сулуулар кезектеги тапшырманы аткаруу үчүн кайрадан эл назарында болушту. Бул тапшырма өзгөчө мааниси бар тапшырма. Ал аялдар да, эркектер де үстүнөн түшүрбөй кийип жүргөн жынсыга байланыштуу болмокчу. Азыр эркекпи, айымбы, кимисинин гардеробун ачпа, жынсыдан шым же дагы башка кийим табууга болот. Кыздар жынсы кийип чыгышты.

20:20. Азырынча ырчылар өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Курал Чокоев менен Ильяз Андаш "Сейдакматтын ыры" аттуу хитти аткарып беришти.

Легендарлуу "Биз" тобу азырынча сахнага чакырыла элек. Алар четте карап, концерттин жүрүшүнө көз салып жатышат.

Аяна Касымованын аткаруусундагы "Сүрөтүңө" чыгармасы.

20:00. Бийкечтердин талантына, сулуулугуна, сахнада өзүн алып жүрүүсүнө, келбетине, айтор, бардык жөндөмүнө жараша баа берилет. Алар сахнага дагы да кайтып келишмекчи. Азырынча ырчылар өнөрлөрүн тартуулап жатышат.

19:35. Сахнага чыккан сулуулар тобу менен эл алдынан басып өтүштү. Андан соң кезек-кезеги менен чыгып, өздөрүн тааныштырышты.

Сынак 2007-жылы башталып, алгачкы жеңүүчү Түркиянын Анталия шаарына барып эс алып келген. Андан бери сынак жеңүүчүлөрүнө дүйнөнүн эң керемет экзотикалуу жерлери болгон Египет, Малайзия, Таиланд, Хайнань, Гоа, Шри-Ланка аралдарын кыдырып саякаттап көрүп келүү бактысы буйруду. Эми кезектеги жолдомонун ээси ким болот жана ызгаардуу кышта Бали аралына барып эс алып келүү бактысы кимге буюрат, ага концерттин жүрүшүндө күбө болосуздар.

19:25. Концертти “Супер сулуу” сынагысыз элестетүү мүмкүн эмес болуш керек. "Быйыл бул сынактын жүрүшүн башкаруу милдети Эрмек экөөбүзгө жүктөлгөнүн сыймыктануу менен жарыялайм", - деди Урмат Усенов.

“Супер сулуу-2016” сынагына кезек келди. Бул бөлүктүн алып баруучулары Урмат Усенов менен Эрмек Нурбаев болушмакчы.

19:15. Ырчылардын ичинен сахнага биринчи болуп Жийдеш Идирисова чыкты. Ал бийчилердин коштоосунда "Жаным" аттуу чыгарманы аткарып берди. Андан соң жылдын хит ырларынын бири "Жубайыма" чыгармасы Турдакун Ниязалиевдин аткаруусунда жаңырды.

19:10. SUPER.KG порталынын 10 жылда аткарган иши, жетишкендиктери тууралуу видеобаян көрсөтүлдү. Эл порталдын эмгегин баалап, жылуу кабыл алды.

19:00. Концертте алып баруучулук кызматта Нурзат Токтосунова менен Эркин Рыскулбеков болмокчу. Алар сахнага чыгып, концертти ачык деп жарыялашты.

18:55. Алгач сахнага Эрлан Нанаев чыгып, залды жашыл түскө боёгон лазер-шоу көрсөттү. Андан соң комуз менен скрипканы "сыздаткан" дуэт Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева “Маш ботой” чыгармасын өзгөчө стилде аткарып беришти.

Спорт Ордосунда учурда атмосфера шаңдын жогорку чегинде. Сахнанын жасалгасы, музыкалык аппараттардын сапаты, атайын жазылган дуэттер 3 сааттан ашык убакыт аралыгында чогулган элдин кайгы-капасын унуткармакчы. Кеченин коноктору сахна артында эстеликке сүрөткө түшүү менен алек.

"Супер концерт" тууралуу учкай айта кетсек, жылдагы концерттерден айырмаланып, бул жолу түрдүү чөйрөдө жылдын суперлери аныкталбайт. Иш-чаранын "көзүрү" 16 сулуунун "Супер сулуу" наамы үчүн ат салышканы болмокчу. Буга катар ырчылар обон созуп, күлкү жаратуучулар элди шаңга бөлөйт.

18:50. Бүгүн, 9-декабрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концерт өтөт. Жалпы окурмандарга салам айтуу менен бул концерттен онлайн режиминде маалыматтарды жеткирип турмакчыбыз.


кошулду





Супер концерт: Сулуулардын саламдашуусу

Супер концерт: Ильяз менен Курал "Сейдакматтын ырын" созушууда

Супер концерт: Малайзиядан келген Фарра

Супер концерт: Бактияр Токторов, Аваз Акимов - "Муйдусунан"

Супер концерт: Сулуулар

SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракелик концертинен репортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(85)
09.12.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бактыгул татыктуу эмес
10.12.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu, ооа
10.12.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu,баткендин периси утуп кетиптирда
бирок баткендин ели кичи пейил келет молодец
баткендиктер мен озум баткенден емесмин дагы
мени талап салбагыла коруп еле журом баткенге
барганда кандай ел екенин
мен колдойм
10.12.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рахмат Супер Инфо,мезгилден арта калбайбыз сиздер менен!!!
10.12.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтынай алса керек деп ойлодум эле.
10.12.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кутуктай Бактыгул Орозбаева татыктуу кызсын
10.12.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айчурок менен Гульнур чачташпай элеби,за кулисами????
10.12.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аида Карабаева алыш керек эле!
10.12.2016. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Patriot...kg,биз дагы Аиданы колдоп жаттык эле
10.12.2016. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо тиги жашы откон ырчыларыбыз кийимдери кантет ай. Жарашыктуураак эле мындайраак эле кийим кийип чыксалар болбойбу. Улуу муун деп айтканга ооз барбайтго.
10.12.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айзада Абанбекова куттуктайм,сыйлыгын кут болсун!!!! Бирок жыгач экенсин восточный бийлегенде
10.12.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгулго караганда Азиза татыктуу болчу жюрилеринер не деген жюри
10.12.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жюриге компаниялардын директорлорун койбой ошол тармакта иштеп жургондордон койсонор болмок
10.12.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда Алтынай Эмилбекова утса керек деп ойлогом
10.12.2016. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Алтынай Эмилбекова татыктуу Супер Сулууга!Мен ойлогом Алтынай алат го деп.
10.12.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырчылардын эле заманы болуп калдыго аа....
10.12.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktygul tatyktuu emeeees.
10.12.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактыгул эмнесине карап алды экен.Видеосун коргондо зоорго суйлоду элего талантын деле коро алган жокмун.Андан башка татыктуу кыздар коп.
10.12.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айчурок мн Гулнур дует аткарыш керек эле ошондо супер концерт болмок
10.12.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зал ото озгочо соонун жасалыптыр молодец супер инфо
Медиа-портал
10.12.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аваз озун жоготуп койгонго.
10.12.2016. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алтынай женсе экен дегем,татыктуу болчу
10.12.2016. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо жамааты . Жыл сайын сулуулук сынагын откоруп утушуна ен соонун белектерди тартуулаганынар жакшы . Бирок Кыргызстанга азыр аба менен суудай керек болгон бул илим онорго сугарылган алдынкы озот жаштар . Жаш болсода бизнесин туптоп нечен елди жумуш менен камсыздап окумотко салык толоп мамелекеттин жугун аркалап келген жаш чыгаандар . Короо коро малдуу болуп дийкан талаада иштеп тушуму менен ел баккан сомбилек субанкулдун сыймыктуу инилери . Мындайлар ел ичинде толтура ...
10.12.2016. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына ушулардин арасынан елге талкууга койуп чыгаандарын тандап. белеги менен онуккон олколорго узатып сейилдетип. конулун которуп ели журтка орнок кылып. сый урмат коргозсонор чыныгы иш жасагвн болоор еленер . Азыр илимдуу аалым десе дарроо молдолор коз алдыбызга тартылат . Бирок ел арасында Кыргызстан закондорун семичкедей чаккан юрист улан кыздар жок емеско ? . емгек синирген ишмер десек еле коз алдыбызга ырчы музиканттар келет ...ел арасында емгеги менен ел баккан.
10.12.2016. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тологон салыгы менен мамелекетин баккан ер азаматтар аз емеско? . Ошолордуда барктап даназалайтурган мезгилге жеттик ... ар жагы сиздердин. иштерман еже карындаш . Ага инилердин ой жугуртуп баамдап билуусундо. аракетинде калды . ..
Емики жылы жылдын мыкты багбаны . Фермери наамын женыип 24 жашар сатыбалды Италияга . Нарындан бактыбек жаны зелландыяга бир жумаага суперинфодон жолдомо утуп алды деп елдин оозун ачыргыдай болсонор Тань калбайбыз .анткени арбир супер жаньылык дайыма сизде
10.12.2016. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз сулууларды көрүп агып калган окшойт.Ырына жетише албай калыптыр го))))
10.12.2016. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Baktyguldun salamdashuusu ozgocho bolgon turbayby! Toktolboy, adashpay, yr turundo aykalyshtyryp aytyptyr! Bashka tapshyrmalaryn koro elekmin birok salamdashuusu boyuncha ushu kyzga baa bermekmin
10.12.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактыгул азаматсын
10.12.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сенин женишин баардык Сулукту шаарынын элине кубанычтуу болду азматсын
10.12.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аида Карабаева татыкттуу болчуу
10.12.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роза Алтаирова баш байгеге татыктуу болчу. Бактыгүл Орозбаева менен Роза Алтаированы салыштырсаңар Роза жогору. Калыстык болбоптур...
Brendi_mega түзөттү 2016-12-10 10:34:09
10.12.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгүл татыктуу эмес болчу
10.12.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bless туура,калыс соз айтыпсынар.Ошол ишкер,багбан,дыйкан бар учун булар элдик кишилер болуп журушот.Ошол дыйкандын ондургон нерселерин арзан алып акчасын бербей кидайт этип.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: