super.kg logo

УКМК Таттыгүл Дооталиевага социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн эскертүү берди

 

Социалдык тармакта авиакырсыкта каза болгондор тууралуу билдирүү жазган Таттыгүл Дооталиева кечээ, 17-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алынып келинип, анын билдирүүсү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди.

"1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбук социалдык тармагына жазган билдирүүсүнөн аймактар жана улуттар аралык мамилелерди козута турган элементтер табылды. Учурда ага расмий эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар белгиленип, текшерүү иштери уланары кошумчаланган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 18-январда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу болуп эмгектенген Таттыгүл Дооталиева бул билдирүүсү үчүн аталган окуу жайдан, Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, ректордун буйругу менен жумуштан бошотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(56)
18.01.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эскертүү бербей чара көрүш керек эл бузарларга. Кыргыз элине мындай жарандардын кереги жок.
18.01.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
UlukmanKalyev, экстремизм боюнча иш козгосо болмок. Буга окшогон ХХХ камап, оозун жабыш керек
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-18 11:49:24
18.01.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
UlukmanKalyev,УКМК бийликте крышасы барларды капчыгы калындарды калкалабаса чара корот. Андай эмес болсо ПРЕЗИДЕНТ алып барат саясат жалпы элге зыянын тийгизген болот
18.01.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмнеге эскертуу эле берилет. Тушунбодум. Камаш керек болчу жок дегенде 15суткага. Медакадемиянын дипломунан айрылтыш керек. Бул ХХХ андай дипломго дагы кыргыз жеринде жургонго дагы татыксыз.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-18 11:41:01
18.01.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ady-88, Va.vasm, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуздар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: