super.kg logo

Өкмөт авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогулган акча тууралуу маалыматты жашырууда

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерде болгон авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү иретинде бирдиктүү банктык эсеп ачкан. Атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы бүгүнкү күндө 20 миллион сомдон ашты. Эсепке акча которуулар уланып, топтолгон сумма министрлик тарабынан күнүнө эки жолу жарыяланып жатат. Которулуп жаткан каражаттын суммасы жарыяланып, бирок кимдер канча акча которуп жатканы маалымдалбаган соң, "Каражат толук эсепке алынып жатабы же жокпу?" деген суроо жаралат.

SUPER.KG порталы окурмандарынын күмөн саноолорунан улам ӨКМдан акча которгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин берип турууну өтүнгөн. Андан бери 4 күн өттү. Министрлик бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлап, тизмени бере элек. "Биз министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, эсепке кимдер каражат которуп жаткандыгы тууралуу тизме сураганыңыздарды кабарладык. Бул маселе талкууланып, тизме берилери же берилбеси такталып жатат", - деген жооп узатты министрликтин маалымат кызматы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(39)
23.01.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Менинда кумонум бар жетерине алкымы чон жеп жутарлар элдинда ырыскысын жеп коюшпасын
23.01.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
жешет эле экен эмнеге тизмеси берилеби берилбеси суйлошуп жатабыз деп жеп койсок кийин тизме менен тактап коюшат кимдин канча акча бергенин деп булардын арасында куу адамдар жок эмес да бар. ымыркай балдар олду ошолордун убалы урсун жешсе
23.01.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Жесенер эки дунуйо онбойсунар. Булар кудайдан коркбойт элдин акчасын жеп келген жеп коюшуда мумкун
24.01.2017. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70000 сом мамлекетен
эл топтогон акча где то 1000000 ашатко ар бир маркумга.
70000сомду чыгарган бийлик окулдору- уятко
23.01.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Luna15, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
23.01.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Менин да кумонум бар,уч торт кундон бери канча которулган акчанын да суммасын айтбай калышты го.Жогоруда жазылгандай ким канча которгонун жарыялап турса жакшы болмок.20млн ашык акча менен жабырлануучулардын баардыгыныг уйун тикелеп койсо болот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: