Багып алган ата-энесин өлтүрүүгө шектелген жаран: "Атам сени баккандан көрө итти бакканым жакшы, сен жетимсиң деп сабады"
2017-жылдын 10-январь күнү Ош шаарында 22 жаштагы жаран кичинесинде багып алган 63 жаштагы атасы жана 56 жаштагы апасын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө эмнеге мындай ишке барганын айткан.
"Ошол күнү досум келип калып, экөөбүз сыртта 2 саатка чукул сүйлөшүп отурдук. Кийин үйгө кирсем, атам сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөдү. Камчы менен сабап, тепкиледи. "Сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым жакшы" деди. Ага да унчукпай, кечирим сурадым. Бир маалда кумган менен чабайын дегенде колунан алып, үч жолу башка чаап жибердим. Ошол учурда апам чайнекте кайнап турган ысык сууну мага чачып жиберди. Аны да кумган менен чаптым. Атам мени кичинемден бери эле сабачу. 3-4 жашымда жылаңач сыртка чыгарып койгон күндөрү да болгон", - дейт шектүү.
Айта кетсек, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон.
Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Азыркы жаштар ото нервный болуп калышкан эч нерсе которушпойт,ананда мыйзам иштебегендиктен коркпойда калышты адам олтуруштон.
Балким ал жигиттин айткандарынын копчулугу калп чыгаар. Ошондуктан мен бул жигиттин тарабын алууга шашылбайт элем. Экинчиден анын айткандары анын кылмышын актабайт.
Кандай болгон кундо да ал уже кылмышкер!!!
актай беретда
же сен угуп коруп турдунбу баланы жактагыдай
Дагы жакшы элдин баары сага окшоп жомокторго ишене бербейт.
Кылмышкер деп эле куноолой бересинерби? Адам кылмышка жондон жон барбайт. Биринчиден тарбия жетишпеген, экинчиден кек, учунчудон ошол мезгилдеги учурга байланыштуу. Огой ата-энеси , кел уулум чай ич деп турса баса калып урабы? Ойлонуп корсонор. Кайсы бала ката кетирбейт, азыр балдардын кобу эле ичет, туну журот ойноп. Эки жакты тен Алла озу кечирсин! Маркумдардын жаткан жерижайлуу болсун! Аллахым балага ыйман б