super.kg logo

УКМКнын алдындагы митингде кармалган Садыр Жапаровдун уулу ооруканага жеткирилди

 

УКМКнын алдындагы митингде кармалган Садыр Жапаровдун уулу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, 20 жаштагы Ренат Жапаров милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалган. 25-март түнү ал Бишкектеги 4-шаардык ооруканага жеткирилген.

Бишкекте 25-мартта мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылган. Бир тобун милиция кызматкерлери кармап кетишкен, арасында Жапаровдун эки баласы, агасы жана иниси да бар.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээ Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(59)
26.03.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
балада не куноо озунордун башынаргада тушот Атамбаев
26.03.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+53
Азыркы бийлик мурунку бийликтен да жаман нерселерди жасап жатат
26.03.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Abdizhapar,Ошондуктан кетсин кетсин кетсин!
26.03.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Жапайычылык деп баалайм элди малды кармагандай эле кармап кете беришиптир кандай ган уят
26.03.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
"Ханды Кудай ураарда өз элине кас болот"деп тээ илгеркилер азыркы АША үчүн жазып калтыргандай.Деги ушул президенттин кылгандарына эч эле ичим жалыбады.Кайда сөз сүйлөбөсүн аттын башындай болгон арманын айтып,жаман катындарча даттана берет.А өзү сүттөн чыккан таптаза ак кашык болуп элге жагынып.Эки жүздүүсүң.Тынч эле ордуңду бошотуп кетип калчы.Кан төгүү менен келгенсиң.Эми,кан төгүү менен кетпе.Элди жарыла турган абалга жеткирдиң.Мигранттардын арманы,бейкүнөө өмүрлөр,канчалаган аялдар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: