Чубак Жалилов: "Президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн" (аудио)





Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын VI курултайында муфтий болуп Максат Токтомушев шайланса, Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Чубак Жалилов кабарлады.
Ошондой эле Чубак Жалилов анын президенттикке талапкерлигин коёру тууралуу божомолдор айтылып жатканына "Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок бул "коюп жатам" дегенди билдирбейт" деп кыска жооп берди.
"Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдышүкүр Нарматов шайланды. Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү өзгөртүлдү", - деди Ч. Жалилов.
Муфтийликке талапкерлигин коюп, кайра алып салган Ниязалы Арипов ага эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн айтты:
"Менин талапкерлигимди Дин аалымдары көрсөтүшкөн. Ислам дининде ынтымак жана биримдик башкы орунда. Максат Токтомушевдин иштегени канааттандырат, андыктан ал кайрадан муфтий болду. Мага талапкерлигимди алып салуу үчүн эч кандай кысым көрсөтүлгөн эмес".
кошулду
Чубак Жалилов: "Президенттикке талапкерлигимди коюшум мүмкүн"

Кыргызстанды илимге, технологияга, ошондой эле бизнеске жакын адам башкарышы керек. Бул Чубак ажынар президент болсо, Кыргызстан деген мамлекет жоголот. Мусулман коп мамлекеттер онукпойт. Бул бекеринен эмес
Эгер Чубак ажы президент болсо анда биздин мамлекет эми онуго баштайт.
Артка тарткан илешкектер жок болсо экен