"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын чыры: Сынактын башка катышуучулары да уюштуруучудан моралдык жапа чеккендерин айтышты (видео)







"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын чырына азырынча чекит коюла турган эмес. Сынактын калган катышуучулары да Таттыбүбү Самидин кызы билеттерди мажбурлап саттырганын, репетиция учурунда катышуучуларды кемсинткен сөздөрдү айтканын, моралдык жапа чеккендерин жазып чыгышты. Ал эми SUPER.KG`ге финалдан четтетилип калган Алтынай Абдымомунова сынакка нааразы болгондор жашыруун жазылып алынган аудио, видеону жиберишкенин билдирди.
"Таттыбүбү 4-апрелде 23:00гө чейин кыздардын ата-энеси, достору билеттердин акчасын алып келмейинче аларды залдан чыгарбай койгон. Акырында бир катышуучунун атасы акча алып келген. Ошондой эле ал репетиция учурунда катышуучуларды кемсинтип, адепке сыйбаган сөздөрдү айтып баштаган. Анын баары жазылып калган", - дейт А. Абдымомунова.
Ошондой эле ырчы Айгерим Расул кызы да социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу сынактын бир нече катышуучулары нааразычылыктарын айтып, скриншотторду жиберип жаткандарын билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-апрелде Алтынай Абдымомунова финалга бир күн калганда сынактан четтетилгенин айтып чыккан. Ал эми калыстар тобунда болгон Айгерим Расул кызы, Кудрет Тайчабаров да бул тууралуу ой бөлүшкөн.
Таттыбүбү Самидин кызы репетиция учурунда катышуучуларды кемсинткен
Финалга бир күн калганда сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунова (сөгүнгөн сөздөр бар)



Сулуу болуп же бир жашоону озгортуп жиберишсе бир жон.
Апрель айынын хити болотко бул сулуулар.