super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Чемпиондор Лигасынын жарым финалында мадриддик эки команда - “Реал” жана “Атлетико” кез келет

 

Бүгүн, 3-майга караган түнү клубдар арасындагы эң беделдүү мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюну орун алат. Анда мадриддик “Реал” өз үйүндө ушул эле шаардын командасы “Атлетикону” кабыл алат.

“Реал” менен “Атлетико” 2014-жылы жана 2016-жылы аталган мелдештин финалында жолугушкан. Анда экөөндө тең “Реал” жеңишке жетишкен эле. Диого Симоененин футболчулары бул жеңилүүлөрүн унутуша элек. Демек, “Атлетико” бул жарым финалга өзгөчө даярдык менен келерине шек жок.

“Галактикос” эки жыл катары менен Чемпиондор Лигасын жеңип алып, тарыхта калуу ниетинде. Себеби буга чейин аталган кубокту эки жолу катары менен жеңип алган команда болгон эмес. Зинедин Зидандын ою ишке ашабы, жокбу оюн көргөзөт.

"Реал М" (Испания) - "Атлетико" (Испания)

Стадион: Мадрид шаары, "Сантьяго Бернабеу" стадиону.

Калыс: Мартин Аткинсон (Англия)

Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(36)
02.05.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен болобу ошондо
Рел алга
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: