super.kg logo

Облустук сот милициянын кашын жара тепкен Алтынай Жайнакованы 4 жылга шарттуу эркинен ажыратты

 

Ош облустук соту милициянын кашын жара тепкен Алтынай Жайнакованы 4 жылга шарттуу эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ош облустук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, облустук соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы 27-апрелде жабырлануучунун апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган. Соттук коллегиянын өкүмүнө ылайык, Алтынай Жайнакова Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, ага бир жылга сынак мөөнөтү белгиленген.

Буга чейин Ош шаардык соту Жайнакованын ишин 13-мартта карап, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, айыпталуучуга 30 миң сом айып салынган. Соттун бул өкүмүнө нааразы болгон жабырлануучу апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган болчу.

Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Алтынай Жайнакова өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми Ош шаардык соту 14-январда аны үй камагына чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(43)
03.05.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туура кылат, тартип болуш керек.
03.05.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы тартип.акча ондуройун деп журотго Кавбой
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: