super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Япониялыктарды таңданткан кыргыздын 6 сааттык үлпөт тою

 
Ёсихиро Ямамура
Казухико Кикучи

"Кыргыз элинде той аябай көп өтөт экен, ага узак убакыт коротуп, чыгымга да учурашат. Мени бул салт таң калтырды", - деген пикирин бүгүн, 8-июнда JICA уюмунун Кыргыздагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Казухико Кикучи билдирди. Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин башчысы Кукучинин Кыргыз жерине келгенине 1 жыл 2 ай убакыт болду.

Бул убакыт аралыгында ал үйлөнүү үлпөтүнө катышкан.

"Күн сайын бир нече той өтөт экен. Көпкө чейин даярданышып, көп элди чакырып масштабдуу өткөргөндөрү таңдантты. Мен барган той 6 саатка созулду, угушумча бардык тойлор ушундай көп убакыт болот экен. Японияда эч бир той 6 саатка созулбайт", - дейт ал.

Кукучи кыргыз-япон элинин окшоштуктарына да токтолду. Кыргыз элиндеги улууларды сыйлоо, бир туугандар менен ынтымактуу мамиледе болуу, кары-картаңдарга аяр мамиле жасоо эки элде бирдей.

"Бирок акыркы жылдарда Япониядагы мындай салттар унутта калып бара жатат. Андыктан мен Кыргыз мамлекетине келгенде мурунку Японияда жүргөндөй өзүмдү жакшы сездим", - деп кошумчалады ал.

Казухико Кикучи Кыргыз-Япон кызматташтыгынын 25 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземине келген. Иш-чара Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында болуп, анда эки өлкөнүн кызматташкан жылдарындагы маанилүү учурлардан тартылып алынган сүрөттөр коюлган.

Көргөзмө Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги, Бишкек шаардык мэриясы жана Япониянын өлкөдөгү өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Ачылыш аземге келген Япониянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура кыргыз элин маараке менен куттуктады.

"Эки өлкөнүн кызматташуусунда эч кандай көйгөйлөрү жок. Биринчиден, мага бул жердин климаты жагат, андан кийин элдин меймандостугу. Кыргыз эли бөтөн элдин маданиятын, салт-санаасын сыйлай билген калк экенин түшүндүм. Анын арасында япон тилин үйрөнүүгө дилгир жаштардын бар экендиги, биздин маданиятты сыйлагандыгы мени кубантат", - деди элчи.

Ал Кыргыз жеринде туруктуу жашаган япондордун саны 150дөн ашарын айтты.

Кыргыз мамлекетинин Япониядагы мурдагы элчиси Рысбек Молдогазиев өз учурда эки мамлекеттин кызматташтыгы 25 жылдан бери туруктуу болуп келе жатканын белгиледи.

"Япониянын Кыргыз мамлекетине карата эч кандай саясий кызыкчылыгы жок. Эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы жылдан жылга бекемделип келе жатат", - дейт Молдогазиев.

Маалымат үчүн айта кетсек, Япония менен Кыргыз мамлекети 1992-жылдан тартып кызматташып келет. 2003-жылы Япониянын өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылган болсо, 2004-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги ишке кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.06.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
6 саат эмес 3 күн болотко. Ошондо да бүтсө, андан кийин да ар кандай салттар менен уланып олтуруп 1 ай дегенде тынчыйтко.
08.06.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жон эле сулуу создор менен мактай бербей Озбекстанга окшоп кыргыз жарандарына иш орундарын суйлошпойбу элчиликте иштегендер
08.06.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоомо окуп берип жатып Казухико Кикучи дегенди окуй албай такала берсем, ой какач депле койо берчи десе жатып калдым куло берип )).
08.06.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сенин куйоон да аларга ХХХ да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-09 12:54:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: