Бишкектин Октябрь районунун акими ордун сактап калды. Бирок аткарган иши канааттандырарлык эмес деп табылды
Бишкек шаардык кеңештин жыйынында Октябрь районунун акими Нурбек Курманбековдун отчёту канааттандырарлык эмес деп табылды. Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча корутундусуна депутаттар макулдугун билдиришти.
Жыйынтыгында депутаттар Октябрь районунун акими Нурбек Курманбековдун аткарган иши боюнча жабык добуш беришти. Соңунда 29 депутат ишеним артып, 10 депутат ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сессиянын чечими менен райондун акими кызмат ордунда калды.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жолдорду оңдоп-түзөө жана чарбалык иштерди караган жыйын өткөрүп, ага кошумча калаадагы 4 райондун акимдеринин отчётторун угууга чогулушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-11-12
8:00
2025-11-12
20:53
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















