super.kg logo

Журналистти коркутуп, мазактаган депутат Мусабекова дагы ооруп калып, КСДП маселени 5-жолу караган жок

 
Жогорку Кеңештин 14-июнда өткөн жыйыны
Парламенттин 15-июндагы өткөн жыйыны

Бүгүн, 16-июнда КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, мазактаганы боюнча маселени караган жок.

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына билдиргендей, депутат ооруп калган. “Кечээ ооруп калыптыр. Бул маселени депутаттар каникулга чыкканча сөзсүз карайбыз. Унутта калбайт”, - деди ал.

Кечээ, 15-июнда Мусабекова парламенттин жалпы жыйынына катышып, сүйлөгөн. Буга чейин деле жалпы жыйындарга катышып келет. Бирок ал бүгүн фракциянын жыйынына 5-жолу келген жок.

Айта кетсек, интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованын абийирине шек келтирип, телефондон "10 эркекке салып берип зордуктатам" деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, Жогорку Кеңештин регламент боюнча комитетинин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган. 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(37)
16.06.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Калп эле ооруп калган болсо эми чын эле ооруп жатып калсале) келип келбей жыргап иштейт турбайбы булар все ясно...
16.06.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Исасы деле уялбайт екенда жалган айткандыр,же орукчан айыкпады же фракция оздору жаткырбады больницага
16.06.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Уятсыз аял десе мага закон жок баарын сатып алгам деп неге ачык айтпайт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: