Бишкекте кыска юбка, шорта кийген кыздардын жөө жүрүшү борбордук мечиттен жыйынтыкталды

Бишкекте кыска шортачан кыздардын жөө жүрүшү “Айчүрөк” соода борборунан башталып борбордук мечитте жыйынтыкталды. Жүрүшкө катышкан айымдар, кийим тандоо ар бир адамдын өз укугу экенин, кыска же узун кийүүгө чектөө, же милдеттеме каралбаганын билдирүүнү максат кылышкан. Демилгечилер коомдо адамдарга кийимине карап мазактап же милдеттендирүүсү туура эмес деген пикирде.
Демилгени уюштурган Гүлайым Айылчы “Кыргызда аялдар өз эрки менен кийинүүгө укуктуу. Бирок кээде кыска көйнөк же шорта кийсе айрымдар ыймансыз деп аташат. Бул туура эмес”, - дейт.
Акциянын уюштуруучулары буга чейин эркин кийинип жүргөндүктөн орой мамилеге туш болгонун айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
-5

Жаш болсонор бир жон
.kg,Ушул чон чон аялдарда куйоо дагы жокта. Куйоосу болсо мынтип журбойт болчу. Эгер болсо да уйундо уй кызматкерине айланган эркектерго.