Маданият, маалымат жана туризм министринин чечими коомчулуктун кыжырын келтирди



Кечээ, 28-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун буйругу менен ырчы Самара Каримова "Сулайман-Тоо" музейинин директору болуп дайындалган.
Аталган маалымат жарыяланары менен министрликтин бул чечимин кескин сындаган пикирлер коомчулук тарабынан айтыла баштады. Анткени Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров ошол эле министрликтин түштүк аймак боюнча башчысы болуп эмгектенет. Мыйзам жагынан да, моралдык жактан да бир үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кызматта түздөн-түз бирине бири баш ийген кызматты ээлебеши керек.
Ал эми Самара Каримованын өзүнөн комментарий алганыбызда министрдин бул чечимине кубанганын айтып: "Ооба, бул маалымат чын, буюрса, чыгармачылыгыма жолтоо болбойт деп ойлойм. Жашпыз, иштешибиз керек. Биздей жаш кадрларга колдоо көрсөткөн Түгөлбай Токтогуловичке ыраазычылык билдирем", - деген эле.
Мамлекеттик башкаруу бийлигине карата элдин терс пикирин жараткан бул буйрук тууралуу министр Түгөлбай Казаковдон комментарий алуу аракетибиз, тилекке каршы, ишке ашкан жок. Ал эми коомчулуктун кескин сынынан кийин Самара Каримова бүгүн, 29-июлда бул кызматтан баш тарткандыгын интернет аркылуу жарыялады.
кошулду

оюм жакшы жакка озгорду.
Самаранын бул кадамын колдойм.Мурда жактырбасам,азыр сыйлайм.Демек,элдин ойун сыйлайт экен.
Иштерине ийгилик,тарыхта ырчы катарында деле калса,чон жетишкендик.
Балким,музейдин онугушуно салым кошкону,андан баш тартканы.
Туголбай Казаков деген неме министрликке татыксыз окшойт, озуно тиешелуу канча сын айтылса да унчугушпайт. Айрыкча жарым-жыналачтар конкурсун уюштуруу боюнча...