super.kg logo

Алия Шагиева нарындыктарды өкмөткө, жашоого нааразы болбогон эл деп сыпаттады

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, тасма анын үй-бүлөсү менен Нарынга болгон сапарында тартылганын билдирген.

Мамлекет башчысынын кызы аталган облуска барганда жаратылыштан да, анын жашоочуларынан чоң таасир алганын жазат.

"Мен бул видеону бир канча күн мурун эле топтоштуруп бүттүм. Бирок Нарынга болгон сапардан алган күчтүү таасирди кандай сүрөттөөрүмдү билбей жүрдүм. Биз тынч жашаган ак жүрөк адамдарды, ачык-айкын жүргөн балдарды, ишенимдүү иттерди көрдүк. Бир жароокер аял жумшак колдору менен наристеге кантип кам көрүү керектигин үйрөттү. Эми уулубуз жаздыкка башын койгондон 2 мүнөттөн кийин эле уктап калып жатат. Таирдин төрөлгөнүнө 4 ай болгону менен, анын Кыргыз өлкөсүнө болгон саякаты кээ бир чоң кишилердикинен көп. Нарынга болгон сапарыбыз мен ойлогондон да кызыктуу болду. Бактылуу болгонумдан ыйлагым келди. Мен ыйладым. Түнкүсүн түрдүү, жагымдуу ойлор келип уйкум качты, короого чыгып асмандагы жылдыздарды карадым. Алардын чоңдугунан жана көптүгүнөн башым айланды, бактылуулук сезимдеримден улам Костяны ойготуп ал менен кол кармашып каткырып-күлүп, кыйкырып кайдадыр бир тоолорго качып кетким келди, бирок мен алардын баарын өзүм гана сезүүнү чечтим. Мен бул жакка жаза албаган түнкү сезимдеримди өмүр бою эсимде сактап калам. Албетте, менин видеого тартып, топтоштуруу чеберчилигим ал сезимдерди жеткирип бере албайт. Жүрөгүндө бүтүндөй сүйүү уялаган адамдар жашаган Кыргыз өлкөсүндө туулгандыгым үчүн рахмат. Аларды интернеттен таппайсың. Алар жашоого, өкмөткө, аба ырайына нааразы болушпайт. Алар жөн гана жашашат. Алар жөн гана бактылуу жана балалык жарааты, зыяндуу адаттары жок бактылуу балдарды тарбиялашат. Алардын сыры - зомбулук тарбияда эмес, эркиндикте жана сүйүүдө", - деп жазат Шагиева.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(72)
31.07.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Биз жашап жаткан жашоодо жашаганыңда өкмөткө эмес атаңа да нараазы болмоксун...
31.07.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ох оххоооооо!!! Айта турган создор копго...
31.07.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул билдирүүлөрүн,5 жылдан кийин өзү окуп алып,өзү уялат го.
31.07.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Нарындыктарды жакшы сыпааттаганына рахмат.
Кыргыз эли конок келсе жаманын жашырып,жакшысын ашырган,меймандос калк.
Чыныгы шаардык кыз болгондуктан,айыл элин коруп,жактырганына рахмат.Президент кызы болгонуна карабай,абдан жонокой.
Тан калычтуусу бийлике умтулбаганында.
Hadyja түзөттү 2017-07-31 10:05:40
31.07.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Hadyja, президентин кызы болуп тантыганы атасына окшогонун байкабай журот окшойсун...

Арабча ник тандап кыз-келиндер ыймандуу бололу дейсин да, кайра эле жарым жыналач суроттору менен элге "хит" болгон Атамбаевдин кызын мактаганына караганда эки жуздуу эмессинби?!!...
31.07.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2,азыркы жазганым,ушул кылганына байланыштуу.
31.07.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2, Бийлике умтулбаганына караганда жонокой адам окшойт деп жаздым.
Анын калган жашоосуна болгон коз карашымды,кийинки кабарларда пайда болгондо жазам.
Эки жуздуулуктон алыс болгон туура
31.07.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
жарааты деген созду биринчи угушум. Ким которгон? бул кыз менимче кыргызча билбейт болушу керек эле...
31.07.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
jasgul, саламатсызбы? Бул жерде жараат деген сөз өтмө мааниде, башкача айтканда, ичинде жаман ою жок деген мааниде айтылган. Ал эми 1969-жылы чыккан "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" аттуу китепте мындай берилген: Жараат
зат. Көбүнчө жоокерчиликтеги кырсыктан денени жаралуу кылып алуу илдети, жара. Кол тааныш, жазуу тааныш Айшасынан! Унутту жараатынын ооруганын (Үмөталиев).
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-31 11:49:13
31.07.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jasgul, Кыргызча билбейт дейсин "Жараат" деген созду тушунбосон, озун деле билбейт окшойсун.
31.07.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bais,жарааты деген создун озун тушуном, бирок балалык жарааты деген уйкаштыкты биринчи угушум эле. Эмне сурасам сага кыйынчылык туулуп жатабы...
31.07.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ооба да Нарын толкубайт. Кыргыздын ар кайсы жеринин ар кандай кооздугу, озгочолуктору бар да. Бирок Нарынга окмоттун эч эле конул болбогонуно конуп деле калганбыз, эмне дейбиз аман болушсун!
31.07.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bais, эмнеге Нарындыктар толкубайт экен, алар адам эмес кой бекен толкубагыдай?!! Кечоо кышында толкуп митингге чыгышты эле го акыркысы, электр энергиясынын тарифтерине нааразы болушуп... Кабарын жокпу?!!...
31.07.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Revolyutsiya2, Кайсы жеринде мал деп турат?? Биз башка жактагылардай кунуго чыккан жокпуз да. Ошол кышта келип, суука тонуп корсон болмок экен. Сен дагы чыкмаксын!
31.07.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Наарындык туугандарды атанада корсотуп койсон болмок экен Наарындын эли кичипейил меймандос жана чыгаан эл болорун ошондо ким мал экенин тушунмок
31.07.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aerforce,болбогон нерсени жазасың да,эч жерде мал деген эмес,мал киндиктүү деген(((
31.07.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми жанагы кийимсиз түшкөн сүрөтү эле болбосо жакшы эле кыз Алия. Каримовдун кызындай жепжутар болгондон кудайым сактасын. Кыргыз тилин үйрөнүп алса сонун болот эле.
31.07.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Жашын 20га толуп асманда жылдыздардын коптугуно тан калсан, Баткенге келсен оруктордун коптугуно тан каласын.
31.07.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Leilek-razz6akov, боорду эздин го, мен дагы барып коргум келет Баткендин орукторун.
31.07.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Leilek-razzakov,ичин куйсо туз жала жата калып муз жала))))
31.07.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи Нарын эле эмес тоо Жака барып калсан эч нерсе менен ишин жоок болот баардык нерсени унутуп эс алып келесин
31.07.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ma9,эли жонундо соз болуп атат го калп да болсо мактап койсонор боло!ич куйдулук кыла бербей!
01.08.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ukmuw-ukmuw,буларга вечно пожар керек))
31.07.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ишенимсиз ит ургонун ким коргон?
31.07.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RusMos76, преданный , ээсине берилген деген мааниде))
31.07.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
RusMos76, сиз ошондо бийликке каршы ургон ишенимдуу итсизби?
31.07.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эми эле торт айлык болсо да кээ бир чог кишилерден коп саяаттайт дептир. Демек, саякатка да акча керек. Акча маселеси ойлондурбайт ээ б.а. Аман болушсун!
31.07.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошончо болду, күйөө бала менен наристеңди алып Чоң-Алай менен Алайга да келип кетсең. Тоолорду көрүп, топоздун май-каймагын жеп жайлоодо боз үйдө кыргызча жашоону көрүп келесиң.Кыргыз тилин да бат эле үйрөнүп кетесиң.
31.07.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
"Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу суйлосун" - дегендей.. ажоонун кызы калктын ичиндеги жашоону кайдан билсин... "нанды - нана, ашты - ашшаша", деп чонойсо... 4 айлык балам кээ бир уулу адамдарга караганда коп кыдырды деп атат... соз коп, айтып кереги барбы? - деп калдым.... мамлекет бюрократия, анан сен жыргайсын да.. колоконо салам берип журушсо
31.07.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nazic,карын ток,кайгы жокта
31.07.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ойлойм да бул кыз дале болсо розовый очкисин чече элек, баарын очкиде коргону учун жан дуйносундогу жомокто жашайт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: