super.kg logo

Базарда баштык терип энеси менен инисин баккан өспүрүм кыз үй-бүлөсү менен кайрадан үйсүз калганы жатат

 
Айчүрөк
Айчүрөк апасы менен
Айчүрөктүн иниси
Кайрылуу каты

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, майыптар арабасында отурган энесин жана бир тууган инисин багып жаткан 15 жаштагы Айчүрөк үй-бүлөсү менен турак жайсыз калганы турат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына анын апасы Ырыскан Сулайманова билдирди.

"Буга чейин кызым базарда баштык терип бизди багып жүрүп маалымат каражаттарына чыгып кеткен эле. Андан соң бизге шаардагы компаниялардын бири 1 жыл бою батирдин акчасын төлөп жүрдү. Жакында ишкананын жетекчилиги алмашып, батирдин акчасын төлөбөстүгүн билдирди. Ал эми үй ээси 27-августка чейин мөөнөт берип үйдөн чыгарганы жатат. Буга чейин жашап келген эт комбинатынын жер төлөсүн жаап салышыптыр. Эми кайда барарыбыз белгисиз болуп жатат. Буга чейин кызым Орусиядагы телеканалдардын бириндеги телеберүүгө чыккан. Ошол телеберүүдө жардам беребиз дегендер болгон. Убада бергендердин бири банк аркылуу Москвадан бир жолу 5 миң сом которгон. Андан башкаларынан жардам болгон жок", - деп билдирди Сулайманова.

Ырыскан Сулайманова август айынын башында Темир Сариевге, Сооронбай Жээнбековго, Бакыт Төрөбаевге жана Өмүрбек Бабановго каражат жагынан жардам берүүнү, ошондой эле турак жай салуу үчүн жер бөлүп берүүнү суранып кат аркылуу кайрылган. Андан бери 1 айга жакын убакыт өтсө да, алардан жооп боло электигин айтты.

"Айчүрөк кызым быйыл 15 жашка толду. Балам болсо 13кө чыкты. Окуу жылы башталса окуу куралдарын жана кийим сатып алуу маселеси жаралат. Ал үчүн каражатыбыз жок. Менин кан басымым көтөрүлүп, иштей албай жатам. Бүгүнкү күндө майыптар арабасында отурам. Айчүрөк суусундук сатып иштеп жатат", - деп кошумчалады Сулайманова.






Баштык терген Айчүрөктүн үй-бүлөсү (2)

Баштык терген Айчүрөктүн үй-бүлөсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.08.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Шайлоого миллиондорду чачкан аткаминерлер карап коюшса болмок
10.08.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул жеп жутарлардан бир тыйын да чыкпайт карапайым эл жардам берет банктан счёт ачышсын тапканыбызды салабыз анан копчулукко жардам берип жургон Азамат Байматовко кайрылыш керек ошол инсан элдин акчасын бир сомун да нары бери кылбай уй салып берет ошол инсанга аябай ыраазымын
10.08.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адеп акчаны сюрприз болот деп той откоруп сапыра бербестен.Ушундай туугандарга жардам берип койсонор болмок.
10.08.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын тел:0703 68 54 48. Колдон келишинче жардам берели элим.
10.08.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
могу Анжелика Асема дегендер кайра кайра той кыла бербестен ..машина ала бербей ушундайларга жардам берсе омур бою сообу тиет эле...эхххх кана эми мен да анжеликадай бай болсом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: