Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов ар бири 8 жылга кесилди




Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылды. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырды. Мындан сырткары абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды. Бул чечимди бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.


Соттун Текебаевге, аны жактап келгендерге кылган мамилелеринен улам ушундай чечим чыгышы белгилүү эле да.
Сотторго мин наалат.
Же (Сооронбай болсо) пахта теребиз, мынтип коммент окуп отурбайсын досум, пахта тересин!
Кийинки жашону коруп билип тургандай суйлойсун го кийинкини билгидей сен кудай белен