super.kg logo

Самара Каримова: "Наам кызматтык орун эмес, андан баш тартпайм"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримованын маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

10:00 Самара Каримованын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

10:10 Самара Каримова жакында эле баш тарткан "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчилиги кызматы тууралуу айтып берүүдө. "Мен иштесем иштеп кетмекмин, менден жакшы жетекчи чыкмак. Бирок жетекчи болом деген да өзүм, баш тарткан да өзүм. Андыктан капачылык жок", - деди ал.

10:12 Суроо: "Эмгек сиңирген артист" сыйлыгын бийликтеги таасирдүү тааныштар менен алды дешет?

"Таанышым жок, талантымдын артынан жана элдин колдоосу менен сыйлыкка татыдым. Сахнага чыккандан бери борбордо 6 жолу ийгиликтүү концерт бердим. Жаш кезде колдоого алышса чоң дем-күч берет. Наамга Маданият министрлиги, облустук өкүлчүлүк көрсөтөт. Мени Кыргыз театрлар ишмерлер союзу көрсөттү. Бир жыл мурун Жаныш Кулмамбетов агайыбыз наамдарымды, документтеримди чогултуп наамга көрсөттү эле бир жылдан кийин наам алдым. Негизи наамды атам алышы керек эле. 63 жашында "Маданияттын мыктысы" деген төш белги алган. Жаштар атамды жакшы тааныбайт. Бирок өз учурунда таанымал артист болгон", - дейт ырчы.

10:16 Суроо: Эмнеге ырчылар сыйлык алганын башка жакта жүрүп уктук дей беришет, калп айтпай эле коюшпайбы?

"Чынында мен конокто отурганда уктум. Чалып айтышканда ишенбей, калтырап толкундандым. Конокто отурганда уксам ошентип айтам да, "үйдө отуруп алып уктум" демек белем? Бул сыйлыкты мага ыраа көрбөгөндөр болууда. Мени колдогондор бар. Инстаграмда 300 миңден ашуун окурмандарым, туугандарым жакшы пикирлерди айтышты. Сыйлык мен үчүн кыргыз элинен аванс деп билем. Эми буга татыктуу болууга аракет кылам", - деди Самара Каримова.

10:22 Самара Каримова менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Бололу бирге" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

10:30 Күйөрманынын суроосу боюнча жандуу үн жана аккордеондун коштоосу менен "Бир келип кетчи Ош жакка" ырын аткарууда.

10:36 "Менин ийгилигим - балдарым. Жаш ырчы үчүн чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын экен. Бир жолу чет жакка 4 күнгө кеткем. Ошондо сыналгыдан мени көрсөтүп жатса улуу балам "ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби" деп кыйкырган экен. Алар үчүн баарына даярмын", - дейт ырчы.

10:43 Суроо: Жолдошуңуздун биринчи жубайынан балдары барбы, алар менен катташып турабы?

"Ооба, башка никесинен 5 баласы бар. Алар менен катташып турат. Катташуусуна эч качан каршылык көрсөтпөйм, ата-эне үчүн бардык бала бирдей. Жолдошумдун биринчи жубайы менен мамилем жок, тааныбайм дагы. Кайненемдин айтуусу боюнча анын өзүнүн үй-бүлөсү бар", - дейт Каримова.

10:48 Суроо: Узун чачка кам көрүү оңой болбосо керек...

"Оңой эмес, албетте. Көптөр кошуп алган деп ойлошот экен. Өзүмдүн чачым, түсү да өзүмдүкү. Боёгон эмесмин. Жолдошум узун чачтууларды жактыргандыктан, кыркканга уруксат бербей жүрүп өстүрүп калгам", - деди ырчы.

10:52 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

10:54: Суроо: Наам туура эмес берилди деп айтышууда, сыйлыкты алуу үчүн көп жыл эмгек кылуу керек экен?

"Сөзсүз түрдө жылга же жашка маани бербестен, иштеген ишине карап баалашса - бул жаштарга чоң стимул болот. Буйрук экен, жаш кезде алдым. Колумдан келсе бардык кесиптештериме ыйгарат элем".

10:57 Суроо: Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз. Ставкаңыз мынча кымбат?

"Жолдун алыстыгына жараша ставка коюлат. Мен кетирген эмгегиме ушул бааны ыраа көрөм", - дейт ырчы.

10:59 Окурмандын "Наамдан баш тартсаң жаңы Жаңыл Мырза аталмаксың" деген билдирүүсүнө мындай деп жооп берди.

"Наамдан баш тарткандай - бул кызматтык кресло эмес. Болгону стимул берүүчү кичинекей кагаз. Наамдан баш тартпайм", - деди ал.

11:02 Жолдошу тууралуу: "Аябай кыйынчылыкты көрүп, семичке сатып жүрүп бутуна турган. Азыр Кудайга шүгүр, бардык бир туугандарга, балдарына каралашып турат. Чыгармачылыгымды колдойт. Кызганбаган эркек жок, кызганат. Мен деле кызганам. Бирок чектен ашпайбыз", - деди ал.

11:05 Суроо: Өзүңүздүн обондоруңуз барбы?

"Бар, бирок элге алып чыгуудан тартынам. Соңку убактарда ушул темада көп сөз болуп жатат. Андыктан устаттарыма көрсөтүп, эгер жараса ырдап чыгам", - дейт Самара Каримова.

11:10 Суроо: Эмнеге жолдошуңуз дайыма жаныңызда жүрөт, сизге ишенбейби?

"Жолдошумдун жумуштары абдан көп, андыктан дайыма менин жанымда жүрөт дегенге кошулбайм. Көбүнчө кайнилерим коштоп жүрүшөт. Мага ишенет, мен ишенимдүү аялмын", - деди ырчы.

11:12 "Атам менен кайнатам абдан жакшы дос болуп жүрүшкөн. Андыктан Асанга (ред. жолдошу) турмушка чыгарымды айтканда каршылык көрсөткөн эмес. Ата-энем күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт", - дейт Каримова.

11:15 Күйөрманынын суранычы боюнча жандуу үн менен "Баары сендей" ырын аткарган соң "Жаз" аталышындагы ырын аткарууда.

11:20 Суроо: Ийгиликке акчанын күчү менен жеттиңби же күйөөңдүн жардамы мененби?

"Элимдин жана жолдошумдун колдоосу менен ийгилик жаралууда. Ошондой эле өзүмдүн эмгектеримди да айтып кетпесем болбос", - дейт ырчы.

11:28 Окурмандын "Апаңа караганда атаңа жакын окшойсуң" деген суроосуна, "кыз бала атага жакын болот окшойт. Кичинемден атама жакынмын, азыр өзүмдүн кызым да атасына, балдарым мага жакын" деп жооп берди.

11:32 Самара Каримованын аткаруусундагы "Түшүмө кирдиң түндө сен" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

11:36 Ырчы жогоруда аталган клипке Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов тартылганын айтып өттү.

11:42 Күйөрманынын суранычы боюнча "Асыл кечим" чыгармасын жандуу үн менен аткарууда.

11:48 "Ырчы болбосом диктор болмокмун. Бул боюнча телеканалдардан бир топ сунуштар түшкөн, бирок убактымдын тардыгына байланыштуу баш тарткам", - дейт ырчы.

11:50 Окурмандын "Кайненеңиз тууралуу айтып бериңиз. Жолдошуңуз "апам саунаны жетектейт" деген эле" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

"Кайненем - Ажыга барып келген аябай ыймандуу инсан. Жолдошумдун антип айтканы тууралуу маалыматым жок экен", - деди ал.

11:54 Суроо: Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?

"Кудай сактасын, бычак алдына жатпай эле коёюн. Өзүмдүн табияттан берилген келбетим менен эле жүрөм", - дейт ырчы.

11:56 Ырчы өзүн калың элге тааныткан "Сагынганда атамды" чыгармасын жандуу үн менен ырдоодо.

12:02 Окурмандын "Самаранын наамына каршы кол чогултабыз дегендер болууда" деген суроосуна "аны убакыт көрсөтөт, эгер мени колдогондор аларга каршы кол чогултушса, анда...", - деп кыскача жооп узатты.

12:05 Самара Каримованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





Самара Каримова: "Наамдан баш тарткандай-бул кызматтык кресло эмес"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(107)
07.09.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баардык жаман ойлордон арылып жакшы калоо тилек айтуу колунардан келбесе, Самара силерге жакпаса окубай эле койгула да айланайындар.
07.09.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
кандай белек алганды жактырасыз жана сизге берилген кайсы белек сиз учун баалуу болгон
07.09.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сындап жаткандар, өзүңөр ушинтип ырдай аласыңарбы? Жандуу үн менен?
07.09.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самара алган наамын кут болсун аз убакытта эмгек синирген деген наам алдын бирок мен ойлойм отузга чыкканда алсан да эрте эле алмаксын. Сенден мурун чыгып элге эмгеги сингендер да наам ала элек кээбирлери оо дүйнөгө узап кетип жатат. . . Ошондо акчалуу тааныштары барлар эле наам алып таанышы жоктор көмүскөдө кала береби? Ушул суроого сенин оюун
07.09.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Саламатсызбы Самара Рыспай Абдыкадыров агабыздын ырларын жакшы аткарып келесиз азырда машынамда угуп журом супер инфонун сайтынан жуктоп алып оркестрдин коштоосунда жакшы чыгат экен оркестирди кобуроок колдонсонор болобу комуз кыяк баарын музыка жакшы чыгат экен
07.09.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco22, саламатсызбы! Сунуш-пикириңиз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
07.09.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan,рахмат чооон Супер Инфо
07.09.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
эн сонун голос! эмгек синирген наам азыр алабы 10 жылдан кийин алабы алям боло беришет элдер
сен конул бурба Самара
07.09.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кыйратты:кече эле эмгегимди баалап ,атам албаган сыйлык деп жатты эле,эми бугун аванс деп калыптыр XXX
07.09.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сураныч Самар эжекеси,бир ыр ырдап бересизби?рахмат
07.09.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмгек синирген артист наамы кеп бекен, Самара жолдошу Маданият министрлигинин туштук аймагын жетектеп турса дагы далай "ийгиликтерди" багынтат. Туура айттымбы Самара?
07.09.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
joomart4909, tuura aitasyz , direktorluktan bash tartyp koidu ele, anyn artynan ele naam aldy.egerde bul naamdy albai kalganda kaira bashka ish je dagy bir naam almak da. Samaraga naam da kep bolboi kaldy go.
Aidan88 түзөттү 2017-09-07 14:29:40
07.09.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок.Сабыр кылып,отура берели
07.09.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
самара саламатсынбы алган наамын кут болсун жаш болсон да коптогон ийгиликтерди жаратып жатасын сага коптогон жакшы ой тилек максаттарды каалайм бактылуу бол учунчу наристелуу болууну самайсынбы келечекте канча балалуу болгун келет???
07.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mekajan92,кыргыз законунда он беш жыл эмгек синириш керек ошондо анан наам берилет самара азыр 26 жашта демек он бир жашында сахнага чыканбы бул туура эмес ишенбесенер законду карагыла маданят министири туура эмес кылды
07.09.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
уй булолу адамга турмушка чыкканына атан каршы болгонбу канча убак таарынышып журдунор??
07.09.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өзүңүздүн биринчи турмуш жөнүндө маалымат берип койсоңуз??
07.09.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саламатсыздарбы,Самара айым сиз аткарган ырлардын кайсынысын акчага сатып алгансыз?
07.09.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тообо 5баланы таштап алган экен да Асан канча алемент толоп турат ай сайын ачык айта аласынбы
07.09.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
5 баланын убалы кимге,Самараааа???Эртен сенин да чырактай балдарын атасыз калса кандай болот деп ойлодунбу?Тообо кылдым,кайтар дуйно дейт го.3баласын таштаган деп укчу элем,5 бала экенин азыр угуп эсим ооп отурам.
07.09.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eleko,толук билбей туруп кунологон туура эмес го дейм. Асанды биринчи аялы таштап кеткен, билишимче Самара бузган эмес уй булосун.
07.09.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эки созундо стимул деп жармашып алыпсынго,700 доллар да стимулбу
07.09.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара жашоондо биринчи орунда ким турат??
07.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырларыны жазып берген акындар менен кандай мамиледесин? "Мен апамды койногунон тааныгам" аттуу ырындын автору Фатима Абдалова эже менен малилен кандай? Сага чынында атактуулугунда ошол ырдын орду чон болду. Ачык создун уусу жок аябай бой которгон кызсын.
07.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бишкекте окууп жургонундо не иш кылып жургонсун. ошто каралма силерге карайбы
07.09.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Саламатсынбы Самара кызым.Алган сыйлыгын кут болсун!!
Менин суроом жок бирок каалом бар.Самара кызым унун дайыма шаншып турсун,омурун узуун,бактылуу аруу зат аял,бактылуу эне бол...
07.09.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Freemankg, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
07.09.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Самара кайсы бир келбетине пластикалык операция жасалганбы же жаратылыштан ушундай сулуусунбу?
07.09.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушинтип талтандай берчи бир кун болбосо бир кун шам сыяктуу очосун.Себеп сени кыргыз эли эстеп калчуудай бир ырын болбосо.Ырдап жаткан ырларынын баарынын оздорунун авторлору бар.Кичине болсо да сыйлачуумун азыр таптакыр коргум уккум жок.Сен инстаграммдагы баракчанды карап эле асманга уча бербей сырттка да бир коз жугуртуп кой ошондо коросун кандай коз мн карашат экенин.Маданият министрине соз деле калбаптыр аттуу баштуулары ушинтип атса калганы кайда барат. ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-07 12:24:15
07.09.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
tasnim, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
07.09.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
tasnim,туура айтасын
07.09.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
30-40 жылдан бери сахнада жургон ага эжелерибиз бар наам албаган, ошолор чыныгы эмгеги синген артисттер деп ойлойм жол азабы кор азабын тартып айыл жергесинен бери туро кыдырып элге онорлорун тартуулашчуу. А Самара эмне кылды? Чет жакка чыгып кыргыздын желегин желбиретип конкурска катыштыбы? Жок. Озунун автордук чыгармалары же обондору жок. Болгону сулуулук , анан таланты бар. Мындай нерсе коп ырчыларда деле бар аларда кучтуу тааныш анан куулук жок окшойтго.
07.09.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
zahira,Самаранын куйосу бар, министрдин туштуктогу орун басары
07.09.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламатсынбы музыкалык билимин барбы кайсы музыкалык аспаптарда ойной аласын?
07.09.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чачы капкараго озунун ону эмесго
07.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
коздорундон опкум келет эркелеп мен алыстан сагынганда Асанды сагындым эй сагындым эй Асанды )))
07.09.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ошто салон ачкан элениз иштеп жатабы, барсам бесплатно мейкап жасап берестерби? :D
07.09.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
mentol,тапкан экенсин ман башты. Толойсун 700 доллар)))
07.09.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
realliver,жайладынго
07.09.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
realliver,Ушуга Самара кантип жооп берет экен эле)))?
07.09.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
mentol,ставкасы 700 доллар болсо,анан оозу мурду кыйшайбай эле 100 доллар десе керек мейкапты.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: