Күбө: "Бишкекте башка улуттагы жигит менен бара жатканы үчүн жаакка чабылган келин кош бойлуу болчу"



Бишкекте башка улуттагы адам менен бара жатканы үчүн жергиликтүү жаран кол көтөргөн келин кош бойлуу. Бул тууралуу SUPER.KG' порталына окуянын күбөсү билдирди.
"Мен ал келинди чаап жибергенин көргөн жокмун. Окуянын башы эмнеден башталды билбей калдым. Бирөөнүн ыйлаганы менен аялдардын ызылдаганы угулду. Чыксам, болжолдуу беш айлык кош бойлуу келин ыйлап, жанында бир жигит жаман сөздөр менен сөгүнүп жатыптыр. Сураштырсам сөгүнүп жаткан адам ыйлап жаткан келинге "кыргыз калбай калыптырбы? Эмнеге башка улуттагы адамдар менен көңүл ачып жүрөсүң?" деп кол көтөрдү дешти ошол жердегилер. Келиндин жанындагы башка улуттагы жигит кыргыз балдардан чочулады окшойт, аялдардан милиция чакырууну өтүнүп жатыптыр. Кызга кол көтөргөн жигит аябай агрессивдүү экен, эч кимге моюн бербей уят сөздөр менен сөгүнүп ошол жерде жарым сааттай аялдар менен жаңжалдашып турду. Ошол учурда кыздын жанындагы жигит коркконунан радиоузелдин күркөсүнүн ичине кирип турду. Жарым сааттан кийин гана милиция кызматкерлери келип, жаңжалга себепкер болгон жигитти кармап кетишти", - дейт атын атагысы келбеген күбө.
Ошондой эле окуяга күбө болгондордун дагы бири окуянын башын өзү көрбөгөндүгүн, бирок көргөндөр жаңжал чыгарган жигит келинди муштуму менен эмес, алаканы менен акырын эле жаагына чапты деп укканын айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББи башка улуттагы жигит менен бараткандыгы үчүн чаап жиберген жарандын иши иликтене баштаганын билдирген.



Ошол элдин уулуна кой айыпты "-деп ата-бабабыз бекер айткан эмес экен.Бизде эмне коп ажырашуу коп.Аялдар балдарын оздору багып атышат.Созго теригесинер эркектер бирок бул ачуу чындык.Жоопкерчилик сезбейт уй-булонун алдында копчулугу.
Бул жерде "ыраазы" кылып деген соз, башка эркектердин алдында уйпаланып, аларды тошокто кандырып деген соз!!!!!
Ал кыз суротто корунгонуно караганда эч кандай боюнда бар эмес!!! Экинчиден афган жигит куйоосу экени факт эмес!! Ошондо ал кыздын афган жигит менен эмне жумушу бар, эгер кыз биз ойлогондой женил ойлуу болбосо?!!
Бироо айтат кыргыз жигиттери башка улут эркектери менен конкуренция кыла албай аткан имиш!!! Анда сен Кыргызстанда ... жеп журосунбу?!!
Бул макалага эмне дейсин? Конкурент болуп,ушул жерде ар бир комментарийге жооп жазып жетишип атканынардай жашоодо да кыйын баатыр болсонор мумкун ушунтип 20 жашында ботон элде жат элдин баласын багып олтурбайт болчук.Тилинер мн реалдуу жашоонор тенирдин тескериси болуп жатпайбы? Канчалаган кыздар мынтип тагдыры
талкаланып,келечеги будомук,чет жерде сынып журот.
Жокчулук илгери да болгон, ошол убакта кыргызымдын кыз-келиндери жокчулукка шылтап, кыргыз жигиттерин чанып, афган, озбек-тажик, калмактарга тийип кеткен эмес......
Бул жерде кеп бир кыргыз жуптун уй-було маселесинде эмес, кыргыз кыздарынын башка улут эркектери менен жургонундо болуп жатат...
http://www.super.kg/supertv/204545