super.kg logo

Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген жок

 

Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф билдирди.

Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык 226-226-6, 227, 229, 232, 294, 295-1, 296, 299-299-3, 375 жана 376-беренелер боюнча соттолгондорго кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (кылмышка шериктеш болуу) жана 227-беренеси (барымтага кармоо) боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Мындан улам анын СИЗОдон тышка чыгуусу мүмкүн эмес", - деди Александр Никсдорф.

Айта кетсек, Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров кечээ, 20-сентябрь күнү 84 жашында дүйнө салган. Маркум 22-сентябрда саат 11:00дө туулуп-өскөн жери - Түп районунун Кеӊ-Суу айылында жерге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(39)
21.09.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жаман иш болуптур, атасына топурак салып, ардактап комуп узатууну бардыгыбызга насип кылсын Кудайым
21.09.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Туууй.... Кудайдан корксонор боло!!!! Жанына коНвой кошуп жок дегенде атасын топурак салганга жиберип койсо болмок!!!!! Бир чети ьийлик коркуп атат болуш керек, копчулукка чыкса эл куткарып качырып жиьерет деп..
Pchelka85 түзөттү 2017-09-21 11:50:45
21.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушул Кун айланып оздорунун башына тушот го бир кун , аларда Ата эне деген жок бекен ?
21.09.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мынча коркоксунар ... силердин да башынарга келээр ушундай оор кун...
Садыр Нуркожоевич сабыр кылын пендечилик экен...
21.09.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бийликтин бул жоругу кудайга жакпайт. Мунун да сурагы болот оз мезгилинде. Эч болбосо ушуну унутушпаса. Бийлик, байлык туболуктуу эмес, утурумдук. Булар кимден калбаган.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: