super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Ырчы Клара Алибековага ким кол салды? Ырчы окуя тууралуу айтып берди

 

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Клара Алибековага ким кол салды?" аталышындагы видео жүктөлгөн (Ник: I_Love_danse).

Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле андагы кызматкерлердин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узаткан.

Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаган.

"Мен дүкөндөн чыгып бараткан болчумун, бир маалда артымдан бирөө келип мени муунта баштады. Кайрылып карасам мас, бейтааныш адам экен. Ал мени муунтуп, зордуктоого аракет жасады. Жардам сурап кыйкыра турган болсом же каршылык көрсөтсөм өлтүрө тургандыгын айтты", - дейт Алибекова.

Ал белгилегендей, бул учурда алыс эмес жерде милиция кызматкерлеринин унаасы токтоп турганын көрүп калып жардам сурап кыйкырып, аларды көздөй чуркаган. Ошол кезде зордуктоо аракетин көргөн адам качып кеткен.

"Мен абдан нес абалда болчумун. Милиция кызматкерлеринин унаасына отуруп абалды айтып берип, зордуктоого аракет жасаган адамды алыс качып кете электе кармагыла деп сурандым. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын артынан түшкөндүн ордуна менин абалымды шылдыңдап, ар кандай орунсуз суроолорду берип жатышты. Анысы аз келгенсип түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшту. Айрымдары мени мас деп ойлоп жатышат, бирок мен ичкен эмесмин. Мас эмес болчумун. Чын, корккондон абалды толук түшүндүрүп бере албай жаттым. Атүгүл алар мени видеого тартып жатканын да байкаган эмесмин. Ошондогу коркуу сезимдерин, абалымды сөз менен жеткирип айтып бере албайм", - деди ал.

Ырчы ага кол салуу болгондугу тууралуу жана жардам сурап кайрылган кезде зордуктоого аракет кылган адамды кармоонун ордуна аны видеого тартып, шылдыңдап, ал видеону интернетке жүктөгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жаза тургандыгын кошумчалады.

Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(47)
05.10.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жоошсуз да Клара айым,беркилерден болуп бетин тытып,бир тепсениз сизди камап коймок.Адам эмес да милиционерлер,кайра шылдындап жоош экенинизди билип.Коркондо шок абал болот ,тушунуп турам абалынызды...
05.10.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Шок болгонунда созунду таппай каласын туура эмес милиционер бул кылганынар элге жардам берет десе кайра мыскылдайт Эгер мас болгон чактада видеого тартпай эле койбопсунар
06.10.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Милицияларды жумуштан эле айдап тим болбой соттош керек.
06.10.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Nurik-88,правоохранителдер деп ким айтат силерди камаш керек жараандарды бир маньяктан коргой албасанар алдагы форманарды чечип юбка кийгиле!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: