super.kg logo

Асема Токтобекова: "Жакында "18+" деген тасма тартабыз, даяр болгула, мен даярмын"

 

Саналуу мүнөттөрдөн кийин ырчы, актриса Асема Токтобекованын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталат.

Анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же келечектеги пландары тууралуу сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Ырчы суроолорго түз эфир аркылуу жооп берет.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын алдына жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:07. Асема Токтобекованын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы учурда алпаруучулардын "ойготкуч" суроолоруна жооп берүүдө.

15:15. Окурмандын "Эгерде кайненең "Баткенге келип жашайсыңар. Всё, точка!" деп койсо келет белең?" - деген суроосуна: "Чындыгында кайненем андай адам эмес. "Всё, точка!" деп дагы айтпайт. Бирок кайненем кандай айтса, ошондой болот", - деп жооп берди ырчы.

15:16. "Брекет тагынууну ырчылардын арасынан мен баштадым окшойт. Тагынып жүргөнүмө бир жыл болду. Жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн аягына чейин чыдап салып жүрөйүн деп жатам", - дейт ырчы.

15:26. "Азыркы актрисалардын ичинен Рахат Божокоеванын талантын баалайм", - дейт ырчы.

15:30. Учурда Асема Токтобекованын өзүнүн ата-энеси тартылган клиби көрсөтүлүүдө.

15:34. "Кайын журтум жөнүндө көп суроо берилбешин каалайт элем. Чыгармачылыкка үй-бүлөнү аралаштыргым келбейт", - дейт ырчы.

15:37. "Чыгармачылыкта өзүмдүн күйөрмандарым бар. Эч кимди мени ук, көр деп кыйнабайм", - дейт ырчы окурмандын ырчылык таланты тууралуу айткан сынына.

15:40. "Жолдошум экөөбүз урушабыз, талашабыз, таарынышабыз. Бирок бири-бирибизди сүйөбүз, бактылуубуз", - дейт Асема Токтобекова.

15:46. Суроо: Кайненеңиздин кайсы сапаттарын сиңирип алдыңыз?

Жооп: "Апамдагы баалаган нерсем - чыгармачыл адамдардын өмүр баяны тууралуу билгени. Апам билими күчтүү, дипломаттыкындай мүнөзү бар. Бирок мен бир адамды туураганды жаман көрөм".

"Мен тарткан тасмаларга жолдошум продюсерлик кылат, чогуу жүрөбүз, кызганбайт", - дейт ал.

15:49. "Үй-бүлөлүү эркек адамдарга караганда, бойдок жигиттер менен иштешүү жеңилирээк. Үй-бүлөлүү эркектердин жубайлары шек санай берет", - дейт ырчы.

"Менин көңүлүмдү акча көтөрөт. Акчаны көрсөм, "уф" деп калам", - дейт Асема Токтобекова.

15:55. Актриса: "Жакында "18+" деген тасма тартабыз, даяр болгула, мен даярмын", - деп билдирди.

16:06. "Душман ийгиликтүү ар бир адамда бар болушу керек. Менин душмандарым бар. Алардын атын атап кереги жок", - дейт ырчы.

16:15. "Мен көк бетмин. Бирок жолдошум бир нерсе суранса, бул сапатым калат", - деди ырчы.

16:33. Асема Токтобекованын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги жыйынтыкталды.


кошулду





Ырчы, актриса Асема: "18 жаштан жогоркулар үчүн тасма тартам"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(38)
11.10.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсызбы Асема ,мага сиздин актрисалык талантыныз аявай жагат.Сизден коптогон жакшы ролдорду кутом.Кантип жапжаш бойдон журосуз ,дегеле бетинизге кайдай косметика колдонуп,кам коросуз)
Аял кишиге таандык баардык бактылуулукту сизге каалайм,оорубаныз,омурунуз узун болсун...бул отмурдо бакытка балкып ,жашоодон ырахат алып журо бериниз,ийгилик сизге)
11.10.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Асема, сенин актрисалык талантына баа берем. Бирок ырдаганын жакпайт да. Унун деле жок, уккулуксуз. Суроом: ырчылык сен учун жон гана хоббиби? Аткаруу чеберчилигинди гана тандап, кино жаатында гана эмгектенсен, чыныгы куйормандарын коп болмокпу деп ойлойм. Ачуу чындыкты айткан болсом, катуу тийсе кечирим сурайм. Бирок туура кабыл аласын деп ойлойм)
11.10.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт деген сөз бар. Келиндик доордун кызыктуусунан айтып берсеңиз.

Бала тарбиялоодо кандай ыкма колдоносуз?

Кайын энеңиз тууралуу айтсаңыз. Ал адамдын кайсы сапатын өзүңүзгө сиңирип алдыңыз?
11.10.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы сиз актрисасыз ырчысыз кино да тартасыз ошон учун сизге бир логикалык суроо берейин дедим эле бир сандыктын ичинде бут баары бар бир эле нерсе жок ошондо эмне жок Ананеводон Тургунбек жообун таппасаныз тааппадым дениз мен кайра жиберип койом
11.10.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Татыктуу жубай кандай болушу керек?

Жашоодо өкүнгөн учурларыңыз болду беле?эмне үчүн?

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: