super.kg logo

Ырчы Алмаз Шаадаев алып баруучу Айгүл Курмановага 3000 сом карыз экенин ырастап, бирок аны төлөбөө чечимине келгенин айтты

 
Алып баруучу Айгүл Курманова.
Ырчы Алмаз Шаадаев.

Жакында эле белгилүү алып баруучу Айгүл Курманова интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына ырчы Алмаз Шаадаев 2 жыл мурун койгон концертинде ага көмөктөшкөн командага жана алып баруучуга акы төлөй электигин жазып чыккан.

Бул билдирүү коомчулукка кенен жайылып, ырчы тууралуу айтылган түрдүү сын-пикирлердин аягы азыркыга чейин сууй элек. Мындан улам SUPER.KG порталы Шаадаев менен байланышып, окуянын чоо-жайын тактады.

"2015-жылы тушоо кесүү концертимди бергем. Чынын айтсам эл аз кирип, залдын 60 пайызы гана толгон. Жыйынтыгында алып баруучу, бийчи, жарык койгондордун акчасын төлөй албай, алар менен кийинчерээк эсептешкем. Ал эми концертиме алып баруучу катары Урмат Борченовду 10 миң сомго сүйлөшкөм. Бирок ал "мен өзүм жалгыз эмес, Айгүл Курманова менен чогуу алып барайын. Аны да бир аз ыраазы кылып кой" деген. Чынында Курманованы таптакыр таанычу эмесмин, Урмат сунуштаганы үчүн эле макул болгом. Ошентип концерт башталып, алып баруучулар залга чыгып, Айгүл эже орусча сүйлөп баштаса болобу. Көрсө ал дайыма орус тилинде алып барчу экен. Мен аны билген эмесмин. Ошол жерден маанайым түшүп калган. Концерттин соңунда бардык командага абалымды түшүндүрүп, карыздарымды тойлор менен жабууга сүйлөшкөм. Ал эми Айгүл Курманова ошол жерден кетпей туруп алгандыктан, апамдан 100 доллар алып берип, дагы 3 миң сом калган. Азыр ошол 3 миң сом үчүн ызы-чуу кылып, элге жарыялап салыптыр. Андан көрө менин өзүмө байланышып, ошол сумманы сураса дароо эле бермекмин. Жалпы элге жарыялаганы үчүн эми таптакыр эле бербей коёюн деп чечтим", - дейт ырчы.

Ал эми алып баруучу өзү бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(39)
30.10.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ushul ayal takir jakbait, aman ele bolsun 3000 uchun chatak salip, kenedei balaga tenelip, akcha degende ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-30 17:13:41
30.10.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Тойлорго бир ырдаганынар 100 доллардан кем эмес фаридамсыз тойлор отпой калды дейсин толоп койсон болмок
31.10.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ulan2601, чоон эле аял экен Алмаз баласындай эле болсо кк жон адам болсо таппай калып жарыя кылса болмок таанымал ырчы оной эле тапмак сураса болмок же жаны чыгып келе жаткан ырчыга
30.10.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Башталды ушул биздин шоу бизнестегилер атынарды шоу бизнес эмес уруш бизнес согуш бизнес десенер аябай жарашат чын айтам тажап тажап кетикгоо силерден.
31.10.2017. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nargiza1987k,туптуура кошулам. Акыркы күндөрү интригасыз, негативсиз жанылык жокко эсе
30.10.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акчаны убагында берип, убагында алган жакшы. Акчанын айынан жаман жакшы болуп, бири-биринердин баркынарды кетирбей.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: