super.kg logo

ТЕСТ: Чоң чыны Жалал-Абадда кердим, Баткенде каса, Ысык-Көлдөчү? Диалект сөздөрдү 100 пайыз түшүнөсүзбү?

 

Кыргыз адабий тили — жалпы элдик тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган тил. Анын түзүлүшүнө негизинен түндүк диалекти чоң роль ойногон, бирок түштүк диалектидеги көп сөздөр адабий тилдин сөздүк курамын байытып турат. Аларга пахта, косек, пилла, мейиз, чигит, гозо, гозопая, мисте, жаңгак, шалы өңдүү сөздөрдү кошууга болот. Диалектилер адабий тилге өз таасирин тийгизгендиктен, бара-бара өзгөчөлүктөр жоюлушу мүмкүн.

Мисалы, жер төшөктү Ысык-Көлдө алты кат, ал эми Ошто жакандөз деп аташат. Аймактардын сүйлөө өзгөчөлүгүнө жараша бардык диалектини сиз түшүнө аласызбы? Тесттен өтүп көрүңүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Нарында көңкөнү эмне кылышат?

Көңкө же көмкө – бул тандыр. Атайын темир идиштерине камыр салып нан бышырылат.

Кийинки суроо


Тамакка кошушат
Нан бышырышат
Жер казышат

Чоң чыны Жалал-Абадда кердим, Баткенде каса, Ысык-Көлдөчү?

Чоң чыны Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кердим, Тогуз-Торо районунда герден, Баткенде каса, Ысык-Көлдө бадавод дешет. Ал эми Оштун айрым аймактарында кесе, гардим дешет.

Кийинки суроо


Чоң чыны
Дого
Бадавод

Чилденин апкыты качан болот?

Чилде чыгар маалда орун алган ызгаар суукту Нарында “Чилденин апкыты” дешет.

Кийинки суроо


Чилде башталар алдындагы суук мезгил
Чилденин так ортосундагы суук мезгил
Чилде чыгар маалдагы суук мезгил

Түштүк диалектидеги мал-чарбачылыгында керектелген сөздөрдү табыңыз...

Паншак - (айры), нушкурт (тоют калдыгы), сыйыр (уй).

Кийинки суроо


Паншак, нушкурт, сыйыр
Абдесте, илеген, челек
Калит, сырга, түймө

Бакай-Атада көйө бышырып атыры. Кайсы тамак тууралуу сөз болуп жатат?

Куурулуп бышырылган шорпону Бакай-Атанын айрым айылдарында көйө дешет.

Кийинки суроо


Куурулуп бышырылган шорпо
Куурулган лагман
Ышталып бышкан эт

Тепек – бул ...

Ысык-Көл говорунда козу карынды тепек деп айтышат.

Кийинки суроо


Токойдо өсчү гүл
Жапайы чөп
Козу карын

"Балышымдын тагига пулумду бекитип, саар карасам жок". Мааниси кандай?

Кыргыз адабий тилинде "Жаздыктын астына акча катып, эртең менен карасам жок" деген маанини түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Баламдын тамагын куюп бердим
Берген тыйынымды кайтарбай койду
Жаздыктын астына койгон акчамды таппай калдым

Лиңга - бул ...

Лейлекте мүшөктү лиңга деп айтышат.

Кийинки суроо


Теңге
Мүшөк
Элек

Жоголгон малды издеп чыгып турнабай менен да таба алган жокмун. Турнабай деген эмне?

Ысык-Көлдө жана Нарында дүрбүнү турнабай дешет. Ичкилик диалектиде дүргүн дегендер да бар.

Кийинки суроо


Компас
Дүрбү
Бүркүт

Ошто бири-бирине “а дегиле” дегени эмнени түшүндүрөт?

Аймактык өзгөчөлүктү ушундан билиңиз, Ошко барганыңызда сизге "А дегиле" деп кайрылгандар болушу мүмкүн. Бул сизди көрүп, ал-абалыңызды сураган маанини туюндурат. Буга "аа дедик" деп же унчукпай баш ийкеп, жылмайып койсоңуз болот.

Кийинки суроо


Аа тамгасын айткыла дегенди түшүндүрөт
Ал-абалды сураганды түшүндүрөт
Сүйлөй аласыңбы дегенди түшүндүрөт

Чыптаманы түштүк диалектиде камзир дешет. Жалал-Абадда - чырмый, ал эми Нарындачы?

Кийинки суроо


Өпкө кап
Бортоной
Кемсел

“Түндүктүк келин” тасмасында кайненеси келинине “Жавандагы наватты ликапка салып кел” дейт. Жаван, ликап деген эмне?

“Түндүктүк келин” тасмасында кайненеси келинине “Жавандагы наватты ликапка салып кел” дегенде келин сандыктагы наватты табакка (тарелкага) салып келиши керек.

Кийинки суроо


Сандык, табак
Баштык, казан
Жер төлөө, чака

Таттуу-тарапа - бул ...

Нарын говорунда таттууларды жалпылап таттуу-тарапа дешет. Түштүк диалектиде - кант-курс дешет.

Кийинки суроо


Момпосуй, таттуу кондитердик азыктар
Таруудан жасалган таттуу суусундук
Шекер кошулган талкан

“Паам парасаты жок" дегендин мааниси кандай?

Көп нерсени баамдабайт, сезе билбейт, этибарга албайт же акылы жетпейт деген маанини түшүндүрөт.

Кийинки суроо


Кемчилиги жок
Тазалыгы начар
Этибарга албайт

Камыр жайган үбөлүктү Баткенде нургуч дешет. Аксыдачы?

Кийинки суроо


Аш тактанын баласы
Октоо
Валик

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(100)
02.11.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Койгула Айланайындар гердим деген силердин офисинерде колдонбосо бизде андай соз жок!
02.11.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалалабатта бешилик,кашек эле дейбизго.анан чыныны чон пияла деп эле айтабыз.това кылдым
02.11.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87,Чоң пияла
02.11.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87,мисалы това эмес тобоо дегендей да.Эч убакта укпаган создор экен
TazaKyrgyz түзөттү 2017-11-02 17:31:59
03.11.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87,това кылба ТООБО кыл же тооба кыл)))
02.11.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
02.11.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыныны Көлдө чыны эле дешет,чон тамак ичүүчү кесени бадавод дейбиз
02.11.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47
02.11.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
60 балл укпаган создор коп экен
02.11.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай. Гардим деп Аксы тарапта айтылат.
02.11.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз гердим дейбиз хаха
02.11.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eshmamatova,Салам сен ЧонАлайдансынбы?
02.11.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Туштуктун кайсы созун билели деги билмек турсун тил келбеген создору бар экен. Билиш кызык да эмес.
02.11.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Best.bakyt,анда неге тестке кирдин
02.11.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Best.bakyt,Капа болбонго бирок мен Тундуктуктордун тилин уксам кадимкидей конул айланат бул чындык,кадимкидей нерв болом жакпайт такыр уксамэле аллергия
02.11.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чуйлуктордун диалектиси жок окшойт э. Бирди да кошпопсунар го.

8/7 54 упай болду
02.11.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 упай. Жаман эмес
02.11.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
02.11.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80
02.11.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
54.Оштук болсом да."паншак"дегенди билбейт экенмин(
02.11.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Medinaa,паншакты тээ чет жактагы Лейлек районунда айтышат, билип ал.
03.11.2017. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Medinaa,мен да билбейт экенмин көп диалекти ошто өспөгөнгө. Өмүр бою бишкекте чоноюп
02.11.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
107
02.11.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин упайыңыз

74
ТУУРА ЖООП: 11
КАТА ЖООП: 4
ЖАЛПЫ: 15 СУРОО
Жакшы. Сиздин ар кайсы аймактан досторуңуз бар окшойт.
02.11.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Паншак деп Лейлектиктер айтат бизде бешлик дейт
02.11.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67))))
02.11.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооооооо урааа меники 100 упааай.
02.11.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Упай 74.Менин ар кайсы аймактан досторум деле жок.Эске тутумум жакшы.
02.11.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
80 упай. Уйубуздун жанында батирге берилчу уй бар да, ар жактыктар келип жашай берип коп создорду уйротуп кетишет
02.11.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
87 упай)).Адабий китепти коп окуганымдын пайдасы)))
02.11.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл 9 туура.
02.11.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кобуну биринчи жолу угуп жатам биздин Таджикстандык кыргыздарда тээ ата бабалардын убагында суйлогон создор бар бирок азыр Тажиктердин созу кээ бир жерлеринде аралашып жаштардын тили жалпак тил менен суйлоп калышты окунучтуу Кыргызстандан 2005-2010 жылдары Адабият Жана Кыргыз тил китептер бат баттан барып турчу азыр конул бурган эч ким жок жаштардын окуган Адабият Кыргыз тил китептерини корсон ыйлагын келет тээ биздин убакыттагы окулган китептерди окуп журушот ушул маселеге конул бурушса болмок
02.11.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Же барып кабар алган эч ким жок бийлик тараптан кысым болуп жатканыны Кыргызстан тараптан эч бир кокурок каккан Кыргызмын деген намыстуу чиновниктер барып чечип койушса болмок
02.11.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай алдым туштуктун коп создорун тушунбойт экенмин.
02.11.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой тобоо мен Жалал-Абадтан болом бирок ушул создорду бир адамдан укпапмын тилин сынат ко
02.11.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: ЧОҢ ЧЫНЫ ЖАЛАЛ-АБАДДА КЕРДИМ, БАТКЕНДЕ КАСА, ЫСЫК-КӨЛДӨЧҮ? ДИАЛЕКТ СӨЗДӨРДҮ 100 ПАЙЫЗ ТҮШҮНӨСҮЗБҮ? Сиздин баллыңыз 67 ТУУРА ЖООП:10 КАТА ЖООП:5 ЖАЛПЫ:15 СУРОО
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/207671/
02.11.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гардим деп Оштуктар айтат,менин кайын журтум оштон,мен Жалалабаттан биз чыны дейбиз.Анан могу паншак,нушкурут дегендерди укпаптырмын,диалектини деле мектепте жакшы эле окудум эле.80 балл.4 оо туура эмес болуп калды.
02.11.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: