Талас эли кайрадан митингге чыкты




Бүгүн, 3-ноябрда Талас облусунун борбору Талас шаарында жергиликтүү тургундар нааразычылык митингин өткөрүшүүдө.
Митингдин катышуучулары саат 12:00дөр чамасында чогула башташкан. Саат 13:00дөрдө алардын саны 500дөн ашкан. Болжол менен 13:30да митингди ачык деп жарыялашты.
Митингдин катышуучулары эки себеп менен чыгышканын айтышууда: Кыргыз-Казак чек арасындагы абал жана президенттин таластыктарга карата айткан сөзү. Алар Кыргыз-Казак чек арасындагы маселе чечилүүсүн жана президенттин Талас элинен ачык кечирим суроосун талап кылышууда.
Эскерте кетсек, буга чейин 29-октябрда да Талас шаарында жергиликтүү эл президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө нааразы болуп митингге чыгышкан.
Талас эли кайрадан митингге чыкты (03.11.17)
Таласта кайрадан митинг болууда (03.11.17)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
10

Атамбаевди Таластын эли же башкасы бийликке алып келген эмес... Эл болгону Бакиевди кууган, анын ордуна Атамбаев озу барып отуруп алган Роза апжеси менен чогуу....