super.kg logo

Ырчы Алмаз Шаадаевге жеке концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды (фоторепортаж)

 
Концерт алдындагы даярдык
"Концерт бардык жактан айкалышсын деген максатта жаңы формаларды да тиктирдим" дейт Шаадаев
Шаадаевдин дээрлик бардык ырларын бийчилер коштоду
Концерттик кечени Сакиш менен Бопуш алып барып, келген конокторго ырга кошо күлкү тартуулап жатышты
Ырчынын "сыйкырдуу" концертинде фокустар орун алды
Алып баруучулар Алмаздын эң жакын досу деп Данияр Эрматовду сахнага чакырышты
Ырчы ата-энеси жана бир туугандары менен концерттен кийин
Ырчы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болду
Ильяз Абдыразаков да концертке катышып, Шаадаевге жакшы тилектерин билдирди
Ырчы "Сагыныч" аттуу ырын фокус көрсөтүү менен кошо аткарды
Ырчы "Жаркырасын Кыргызстан" чыгармасын аткарууда
Маданият министрлигинин өкүлдөрү "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырууда
Алмаз Шаадаевдин ата-энеси дуэт аткарышты

4-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эстрада ырчысы Алмаз Шаадаевдин жеке концерти өттү.

Бишкек шаарында 2-жолу жеке концертин берип жаткан ырчы мырза бул кечеге 2 айга жакын убакыт даярданганын айтат.

"Биринчи жолу өткөргөн концерттен сабак алып, анда кетирген кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштедик. Концертти көптөгөн кызыктар коштойт. Маселен фокусниктер менен чогуу түрдүү кызыктарды тартуулайбыз" - дейт Шаадаев.

Көпчүлүктүн кол чабуусунун коштоосунда концерт башталып, Шаадаев сахнага демейдегиден башкача чыкты. Тактап айтканда, сахнага сүрдүү караандар чыгып, алар ортого коюлган кичинекей бөлмөдөн чыгып жатты. Соңунда ырчы мырза да ошол жактан чыгып, концертин "Мейли" аттуу ыры менен баштады.

Алып баруучулук кызматты Сакиш, Бопуш тандеми аткарып, келген конокторго ырга катар күлкү тартуулап жатышты.

Ырчы "Фаридам" аттуу чыгармасын аткарып, бул анын репертуарындагы эң жемиштүү ыр экенин белгиледи. Өткөн жылы гана жаздырганына карабастан барган жеринде "Фаридамды" аткаруусун суранышарын айтты ырчы.

Алып баруучулар Алмаздын эң жакын досу деп сахнага Данияр Эрматовду чакырышты. "Апамдын болчу келини" деген ырын аткаруунун алдында ал келген конокторго Алмаз Шаадаевдин атынан ыраазычылык билдирип, досуна чыгармачылык ийгилик, эргүү каалады.

Концерттин жүрүшүндө залда отурган ар бир көрөрманды бир саамга ойго салган ыр аткарылды. Алмаз Шаадаев "Жаркырасын Кыргызстан" деп аталган ырын аткарып жатканда сахнага бир нече мекен сакчылары тизилип турушту. Өлкөдөгү жетишкендиктерге катар орун алган кемчиликтер камтылган саптар концертке келгендердин жүрөгүнөн түнөк тапканын ырдан кийин көпкө чейин токтобой кол чабуулар далилдеди.

Андан кийин алып баруучулар сахнага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрүн чакырышты. Алар Шаадаевге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин ыйгарышты. Шаадаев өз кезинде күтүлбөгөн учурда берилген төш белги аны катуу толкундантканын, кубандырганын айтты.

"Чынында бүгүн өтө чоң кубанычтуу күн болду, бул төш белги мага мындан ары да маанилүү ырларды жазып аткарууга, тынымсыз эмгектенүүгө стимул берет. Ата-энем да ушул залда отурат, аларга, министрликке, жалпы менин күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Көп кызыктар коштолгон бул концертте Шаадаев ата-энесинин жанына барып, аларга арналган ырын аткарды. Ага улай эле ырчы мырзанын ата-энеси келген конокторго дуэт аткарып беришти.

Зал элге 99 пайызга толуп, 2 сааттан ашык убакытка созулган концертти ырчы көтөрүңкү маанайда "Фаридам" аттуу альбому жарык көргөндүгүнө байланыштуу кайрадан "Фаридам" чыгармасын ырдап жыйынтыктады. Концерт жөнүндө даярдалган видеорепортаж жакынкы күндөрү SUPER.KG'нин "Супер ТВ" бөлүмүнө жайгаштырылат.






Алмаз Шаадаевдин концертинде ата-энеси дуэт аткарды

Ырчы Алмаз Шаадаевдин жеке концерти өттү

Алмаз Шаадаев концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(55)
05.11.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Толик сынчы барганда сонун кылып айтып бермек да
05.11.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азаматсыз татыктуусуз
05.11.2017. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Фаридам деген ырынан башкасы барбы"Маданиятыбыздын" мыкты кызматкеринин.
05.11.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Samina007,Фаридам озунуку эмес
06.11.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Samina007,бекер кир десе да кирбейт болчум
05.11.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Жону жок эле береберип наамдардын да баркын кетирдинер, бул ырчыны мындай наамга татыктуу деп айта албайм, фаридам качан эле элге синген ыр болчу, аны Асылбек Озбеков ийнине жеткире ырдаган, мынтип эски ырды жанылап ырдап койсоле наам бере берсе болмок беле.
05.11.2017. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аяваай мыкты адам деп билем мен. Жонокой , орду орду менен суйлогон, адамкерчиликтуу байке. Ун коштогону, кинодо ойногондору мыкты. Карындаш деген ырын абдан суйуп угам.мындан ары да ийгилик чыгармачылык эргуу,,,
05.11.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Super.kg сиздерден суранып калабыз россия жергесинде жургон мекендештер учун ушул концертин толук киргизип бергиле бизда коруп алалы
05.11.2017. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ха ха смешно. Канчага сатып алды экен. Мындан коро мигрант ата энелерге бергиле сыйлыктарды. Чыдап чет жерде иштеп бала чакаларын багып журушкону учун. Алгандан уялбайбы.
05.11.2017. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тош белги кор эле болду го корунгон эле адам ала берип.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: