Жакында жубайы менен ажырашканын ачыкка чыгарган ырчы Дайыр Исмадияров Египетте эс алууда









Ырчы Дайыр Исмадияров Египетте эс алууда. Бул тууралуу ал интернеттеги жеке баракчасына жазып, сүрөттөрүн жарыялоодо.
"Үч уктасам түшүмө кирбеген керемет. Жер планетасынын эң узун дарыясы - Нил. Бул дарыяны жөн гана көрүп тим болбостон таң атканча Каир шаарында ушул лайнерде сүзүп сейилдеп жүрөм. Аллага чексиз шүгүрчүлүк", - деп жазган ал.
Анын сүрөттөрүнө жазган билдирүүсүнө ылайык, Египетте эс алуу менен кошо жаңы клип тартууну пландаган.
Эске салсак, ырчы жакында эле жубайы менен ажырашып кеткенин ачыктап: "Буга эч ким күнөөлүү эмес, болгону экөөбүз тең бактылуу болуу үчүн ушундай чечим кабыл алдык", - деп билдирген.
Дайыр Исмадияров өткөн жылдын 25-сентябрында Жанара аттуу бийкеч менен баш кошуп, ушул жылдын 5-сентябрында уулдуу болушкан.















1 | 2 |