super.kg logo

Москвада Орус жараны кыргыз кызын унаасы менен сүзүп кетип ал комада жатат. Жакындары "полиция күнөөлүүнү коргоп жатат" дешүүдө

 

Москва шаарында Орус жараны мындан 11 күн мурун Кыргыз жараны Гүлбарчын Дооранованы унаасы менен сүзүп кетип, ал эс-учу жок абалда ооруканада жатат. Окуянын чоо-жайын өзүн жол кырсыгынан жабыркаган кыздын эжесимин деп тааныштырган Чынара Дооранова бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG'ге айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, 39 жаштагы Гүлбарчын Москва шаарында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөн. 27-ноябрда жумуштан чыгып келе жатканда жолдон аны унаа сүзүп кеткен. Кырсыктан анын жамбашы, кабыргалары сынып, ички органдары да катуу жапа чеккен.

"27-ноябрда жумушунан чыгып жөө адамдар өткөн өтмөктөн өтүп бара жатканда аны унаа сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Окуя ошол жердеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Видеодо айдоочу сүзүп кеткенден кийин токтоп сиңдимдин кыймылсыз жатканын көрүп, кайра унаасына отуруп кетип калганы көрүнөт. Кийин ал Орус жараны экени белгилүү болду. Ал табылып, баары видеодо көрүнүп турса деле прокуратурадан ишти карабай жатышат. Окуя болгондон кийин да бизге арыз жазбай эле койгула деп жаздырбай 2-3 күндөн кийин туугандар кеңешип барып, алар менен чатакташып жатып арыз жазып келишти. Арыз жазганы барышканда да биздин туугандардын көзүнчө эле сүзүп кеткен айдоочуга "аракетиңди кыл, тигилер арыз жазышты" деп телефон чалышыптыр", - дейт жабырлануучунун эжеси.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан Гүлбарчын Доорановага 2 жолу операция жасалган. Анын абалы оор болгондуктан дагы бир операция жасалышы керек экенин дарыгерлер айтышкан.

"Сүзүп кеткен Орус жараны оорукананын чыгымын көтөрмөк тургай бир жолу да сиңдимдин абалын сурап койгон жок. Аны менен сүйлөшөлү десек, тергөөчү жолуктурбай жатат. Учурда оорукананын чыгымдарын эптеп көтөрүп жатабыз, сүзүп кеткен адам жазага тартылбаса койсун, сиңдимдин дарыларына каражат төлөшүп аман алып калууга көмөктөшсө болду эле", - дейт Чынара Дооранова.

Мындан сырткары Орусиядагы Кыргыз элчилигинен көмөк издеп барып, жардам ала алышпагандыгын айтып, "кыргыздарды ким коргойт, гүлдөй кызыбыз көз алдыбызда соолуп бара жатат" деди жабырлануучунун эжеси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(41)
08.12.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Ушул нерселерди посольство эле чечип карап койсо болот. Барсан жардам сурап карап да коюшпайт. Как будто королевский трондо отургансып. Жалко эту эжешку. Скорейшего выздоровление Вам.
08.12.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Москвадагы кыргыз посольствону жоюуп эле салыш керек кимге жардам берди эмне кереги бар ушуга окшогон нерселерди чечип бере албаса
08.12.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Посольствого барсан орусча суйлошот кыргыздар. Жегичтер жалан
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: