super.kg logo

Билет баасы 750 сом: Интернетте Самара Каримова катышкан "Илегилек" драмасынын баасы талкууланууда

 

Социалдык тармактарда 15-17-февраль күндөрү Ош улуттук драма театрында башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ойногон жазуучу, драматург Султан Раевдин чыгармасынын негизинде коюлган "Илегилек" драмасынын баасы кызуу талкууланууда.

Жогоруда аталган драманын баасы илинген афишаларда 750 сом экени көрсөтүлгөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар "спектаклде белгилүү ырчы башкы ролду ойногону үчүн баасы ушунча кымбатпы?" деген суроо салышкан.

Спектаклдерге болгон бааны сураш үчүн Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти:

"Биздин Кыргыз драма театрында кандай гана спектакль коюлбасын баасы 200 сом турат. Ал көптөгөн эл аралык сынактарга катышып келсе да, жаңыдан коюлуп жатса да айырмасы жок. Театрдын эң негизги максаты күйөрмандарга руханий азык берүү жана искусствону сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелет".

Ал эми "спектаклдин баасы эмне себептен 750 сом деп коюлган жана бааларды ким көзөмөлдөйт?" деген суроо менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда: "Спектаклдерге болгон баа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Маданият министрлиги менен биргеликте бекитилет. Эки мамлекеттик орган спектаклдерге болгон эң жогорку бааны 500 сом деп бекитип берген", - деп билдиришти.

Ошондой эле азыркы тапта эмне себептен ОУДТда "Илегилек" драмасына болгон баа афишаларда 750 сом деп көрсөтүлгөндүгү тууралуу териштирилип жаткандыгын министрликтен кошумчалашты.

Айта кетсек, "Илегилек" драмасы буга чейин "Туңгуч" театрынын актёрлору тарабынан коюлуп, анда башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова, жаш актриса Таазим Үметалиева ойногон. Аталган спектакль көптөгөн чет элдик театрларда көрсөтүлүп, Лондондо өткөн "Ачык Борбор Азия" аталышындагы II эл аралык искусство фестивалында "Алтын жоогазын" сыйлыгына татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(42)
02.02.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-44
Самара сыйлык алса, Сулайман тоого директор болсо,концерт койсо, спектаклга катышса сындайбересиңер эмне үчүн? Же Самара кайтпады же сындагандар сынын койбоду.
02.02.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+63
Бекер койсо деле барбаймын.
02.02.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Leilek-razzakov,Эркектер кошо ушакташып )))) Юпка эле кийип алгыла көралбай комент Жазгандар, Эркек эркектей болуш керекго.
02.02.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+49
уфф тажаттыго ушул Самара, бааны Асан атасы коюп берсе керек да
luuntik түзөттү 2018-02-02 16:00:03
02.02.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+90
Барбай кирбей койсоңор кутуласыңар да.Көргөндө эмне пайда болмок,андан көрө үйгө кыш чилдеде 2 кг эт алып барсаң,бала чакаң менен тердеп тепшип жейсин.
02.02.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+77
Эшегинен токуму кымбат дегендей.Эшеги 10сом, токуму 750сом
Tyty1990 түзөттү 2018-02-02 16:41:40
02.02.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Tyty1990,Ошол он сомдук эшек ОУДТны ээлеп алдыго.Асан атасы кымбат токум кийигизип койсо,мен кыйын экенминго деп.
02.02.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Бир ай койушпайт бекен, ким барат экен деймда
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: