super.kg logo

Сапар Исаков Дубайда "Акылдуу шаар" кантип иштеш керек экенин көрдү (фото)

 

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана "Акылдуу шаар" коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологиялардын колдонулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль Марри сегиз миң камера, ошондой эле мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен шаардын көчөлөрүндөгү абалды түз байкоого алуу, башкаруу борбору менен тааныштырды. Аталган жабдуулар автоматтык түрдө укук бузууларды жана жарандардын жүзүн аныктайт.

"Биздин максат - дүйнөдө эң коопсуз шаар болуу. Бул жакта заманбап маалыматтык технологиялар жана полиция кызматкерлери коомго кызмат кылышат. Штаб-квартиранын ишинде жасалма интеллект колдонулат", – деди Дубайдын полициясынын башчысы.

Премьер-министр Сапар Исаков Штаб-квартиранын ишмердүүлүгү менен таанышуу Кыргыз өлкөсүндө "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга тажрыйба алмашуу максатын көздөй турганын айтты.

"Бул жерде жогорку кесипкөй команда чогулуптур жана сиздердин топтогон тажрыйбаңыздар бизге керек. Аталган долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсыктарынын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп күтүп жатабыз. Шаарларда камераларды жана башка технологияларды орнотуу учурдун талабы", – деди Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полициясынын Штаб-квартирасынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу жана кызматташуу суроолорун деталдуу талкуулоо үчүн Кыргыз жергесине чакырды.

"Биздин жамаат Штаб-квартиранын ишмердүүлүгүнө берген жогорку баа үчүн ыраазычылыгын билдирет. Дубайдын башчысы сиздердин алдыга коюлган маселелерди ишке ашырууда көмөктөшүү жана колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди. Биз "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүбүздүн адистерибизди жиберүүгө даярбыз. Дүйнөдө ар бир укук коргоо органынын тартипти камсыз кылууда жана кылмыштуулукту азайтууда иштеп жаткан тажрыйбасы бар. Буга байланыштуу биз кыргыз тараптан дагы адистердин тобун күтөбүз", – деп белгиледи Дубай полициясынын башчысы.

Премьер-министр Сапар Исаков ушул сыяктуу долбоорлор абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, шаарларды санариптештирүүнүн жардамы менен коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жергиликтүү бюджет толукталарын айтты.

"Башкысы инновациялар биздин жарандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Азыркы тапта биз инвесторлор менен техникалык суроолорду иштеп чыгып жана "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында жаңы таасирдүү чечимдерди жана технологияларды издеп жатабыз", – деп белгиледи өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(81)
11.02.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акылдуу шаар Бишкек элеби же айылдардагы болобу
11.02.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Урматтуу Сапар Исаков ишиңизге ийгилик!
Көптөгөн кыргыз элине пайдалуу долбоорлорду ишке ашырышыңызды күтөбүз!
11.02.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Bakyi, бул Исаков буга чейин кайсы долбоорлорду катырып кыйратты эле?!!

Чехиядан сомнительный инвестор тартканыбы Камбар Ата ГЭСтерин куруу учун?!!

Же ТЭЦтерди жанылоо долбоорубу, асманга акча сапырылып же ким бироолордун чонтокторун кампайткан ТЭЦти жанылоо долбоору....

Айтчы мага, Исаков эмнени кыйратты эле ушул кунго чейин?!!
Too-tash түзөттү 2018-02-11 15:15:37
11.02.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Too-tash,чындыкды эч Ким мойнуна алгысы келбейт результат жок !!!!!!супер инфодон Исаковдун жврдамчылары жалан Европадан буткондор экен легенде кичине бизде да жылыш болотко деп ойлогонбуз жылыш билинбейтко такыр эле бул да окунучтууу
11.02.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Too-tash,сен эмнени кыйраттың деги комент жазгандан башка ....Өзүң өлкө үчүн бир жумуш жаса андан кийин бир нерсе десең жүзүң болоор!
11.02.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bakyi,кыйратты!386 000 000 долларга ТЭЦ жамайм деп элди алдаган жок.Колунан иш келбесе да креслого жабышып бийликтен кетпей олтуруп алган жок.Оз уй-булосун багып жаткан салык толочу.Силердин Сапар Исаковунарга караганда эл учун мин эсе пайдалуу.
11.02.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Too-tash, нааразы экенсин дайыма жакшы создорду суйлочу тууганым озун Кыргызстан учун бир нерсени кыйратып салгансыбай.Колунан келбейби кылып аткандарга тийишпе.
11.02.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azat.97,ТЭЦтеги авария колунан келип жатабы?кыйратыптыр.таджикистанда 340 000 000 жап-жаны ТЭЦ куруп жатышса,биз 386 000 000 го эски ТЭЦтин 30 %ГАНА ондоп жатабыз
11.02.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gulmi,Сапар Исаков 6жыл иштеп жыйынтык коргозо албаса анда нааразы болсонор болот.Келгенине жарым жыл боло элек!Убакыт бериш керек.сразу эле каралоого отпой...
12.02.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
barakcha,ТЭЦтен эле коргозду го эмнеге жараарын.
12.02.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
barakcha, Исаковун качанкы Исаков... Окмот башчы болгонго чейин ар кандай бийлик тепкрчтеринде журуп эл учун эмне жумуш жасады, айтчы?!!

Токтоткулачы, убакыт берели деген жомогунарды!!! Акаев, Бакиев, Атамбаевге убакыт берип муйуз осуп чыктыбы?!!
12.02.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Azat.97, кимдин колунан эмне келди, ошону айтчы?!! Сенин бийлигиндин колунан жегенден башка эмне келип жатат?!! Бийликтин колунан иш келсе, эл талаалабай Мекенине кайтат эле го?!!

Тигине 386 миллиондун дайны жок, анан мпктайынбы сындабай?!!
12.02.2018. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу ее кошоматчылыгыны
11.02.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Too-tash,эмне башкалары сага Кыйраттыбы???
11.02.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Too-tash,Айтчы мага, а сен өзүң эмнени кыйраттын ушул күнгө чейин!?
Baku88 түзөттү 2018-02-11 19:50:09
12.02.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baku88, мен сага окшоп бийликтин кошоматчымы эмесмин, башкасын санабаганда да, ошонун озу чон сыймык... Мен ар намыстан кете элекмин...
12.02.2018. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash, сенде өзү ар намыс деген барбы деги
Baku88 түзөттү 2018-02-12 03:03:57
12.02.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baku88,сенде барбы? Жееп жутарларга ишенип жашап отура бер. Таксивайтетип
12.02.2018. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Isco23, жеп жуткандары да бар жеп жутпай элге ак кызмат кылгандары да бар жеп жуткандарды кармап жатат жеп жутпагандар бир жакшынакай иштеп жатат
12.02.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash, тим эле Кыргызстанга кызмат кылып кыйратып койгонсуп сүйлөйсун го сен эмнени кыйраттын айтчы экрандын ары жагында отуруп алып сөз мн сындагандан башка колунан эч иш келбейт кыйын болсоң азыркы кыйын болуп жазган сөздөрүнү айтып ак үйдүн астына чыкчы көрөлү канчалык деңгээлде кыйын экениңди азыр кыйын болуп Исаковду жекирип жазып жатасың алдынан чыкканда киреерге тешик таппай калба
11.02.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash жанагы тушунуп тушунбой, угуп укпай бийлигин эмнени кыйратып коюптур дегендерден окшойт го.
12.02.2018. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shumkar.2018,сен эле болсон.. козго супер политик болосун го же советтенсинби
11.02.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Кудайым буюрса Кыргызстан онугот...
11.02.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
NURTILEK_KG,ИншАалах.
11.02.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
NURTILEK_KG, Кыргызстан онуксун, бирок бугунку ууру-каракчылар бийликте турганда Кыргызстан онукпойт. Кичине реалист болгула, куру кыялдарга жетеленбей... Кыргызстан онугуусу учун элди ойлогон азаматтар келиш керек бийлик башына... Азыркы бийликте элди ойлогон бир адам бар болсо корсоткулочу ошону мага?!!
Too-tash түзөттү 2018-02-11 15:09:05
11.02.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Too-tash,Ошо элди ойлоп дубайга барды. Жол кырсыктарын кантип азайтса болот деп. Сен тоо таш мамлекет учун эмес, уй булооно бир нерсе кылып кыйратпасан керек. Тамтырап эле суйлоп тажатып
11.02.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
NURTILEK_KG,онугот кудай буйруса азыр эмес Жогорку жактагы каракчылар тоном элдин баарын тойгондо анан болот онугот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: