Султан Садыралиевдин “Кайдасың?” аттуу жаңы ыры чыкты

Ырчылар Султан Садыралиев менен Чыңгыз Турдубеков “Кайдасың?” аттуу ырды дуэт ырдап чыгышты. “Ырдын сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык. Ыр мындан 3 жыл мурун жазылган экен. Ал сүйүү тууралуу жана автордун башынан өткөн окуяны баяндайт. Быйыл аны Султан Садыралиевге сунуштап, бирге ырдап чыгышты. Жакынкы аралыкта ырга клип тарталы деп жатабыз”,- деди Султан Садыралиевдин менеджери Эрназар Таштанбаев.
Кыстарылган аудио
Султан Садыралиев, Чыңгыз Турдубеков "Кайдасың?"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

Азырынча эскертүү!
Комментарий жазганга укугуңуз бар үчүн ушул жакка жазып жатасыз да.
Созу да обону да Чыңгыз Турдубековко таандык экен, аткаруучулар деп экоону чогу жазссанар болмок, бир гана Султанды жазып коюптурсунар.
***
1.
Билинбей күндөр узап
Сагынычым үмүт менен жол карап
Жалындап күйүп жанат
Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак
Кезигүүнүн издеп келем айласын
Ойлор курчайт таппачудай пайдасын
Супсак сымал күңүрт алып айлана
Жалгызсырап булугамын кайдасың?
2.
Тамчылай ак жамгырдай
Шаркыраймын көл издеген агымдай
Асманда жалгыз куштай
Теңселемин шамал соккон булуттай
***
Мага окшоп кошулуп ырдагысы келгендерге :)
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=13379&view=findpost&p=1081919
ушул ырдын биринчи вариянтын жуктоп коёсуздарбы???