super.kg logo

Өкмөт Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу акыркы жыйынтыгын жарыялады

 

Бүгүн, 19-февралда өкмөт Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгын жарыялады. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан жыйынга тийиштүү тармактын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев катышууда.

Анда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Баатырбек Талканбаев аталган комиссиянын жыйынтыгын окуду.

Биздин комиссия чоң иштерди жүргүздү. Бүгүн биз ал комиссиянын ишинин жыйынтыгын жарыялайбыз. Бул кырдаал 24-25-январда жылуу суунун керектөөсү кескин жогорулаган. Мындан тышкары жабдыктар катуу суукка даярдалган эмес. ӨКМ тарабынан эскертүү болгону менен, аварияга жол бербөө боюнча бардык чаралар көрүлгөн эмес. Суу казанда запас суу жетишпестен, насостогу фильтр да иштебей калган. Авариялык кырдаалды алдын ала албагандык, ЖЭБде күз-кышка карата жетиштүү даярдыктардын көрсөтүлбөгөндүгү себеп болгон”, - деди Талканбаев.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
19.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ууруну кармагыла деп ууру журот дегендей комиссияда жегендер кошо журот.Кайсы жыйынтык болмок эле бармак басты коз кысты кылып жаап койушат да.
19.02.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
386 милион жонундо соз жокко бул жерде ал кайда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: