УКМК социалдык тармактагы кыргыз тилинде сүйлөшүүгө чакырган билдирүү боюнча териштирүүдө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактагы кыргыз тилинде сүйлөшүүгө чакырган билдирүү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 18-февралда Фейсбукта кыргыз тилинде гана сүйлөшөбүз деген билдирүү тараган. Айрым интернет колдонуучулар мындай билдирүүнү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жазган деген пикирлерин жазышып, билдирүү менен бөлүшө башташкан.
Анда: "Кыргыз өлкөсүнүн бардык шаарларында, дүкөндөрдө, автобус, маршруткада, көчөдө орусча сүйлөгөн адамга кыргызча жооп берүү башталды. Кандай улут болбосун кыргызча жооп кайтарабыз жана сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерден соода кылуудан баш тартабыз. Намыстуу бололу, кыргыздар. Тараткыла баарына!" - деген билдирүү тараган.
Аталган билдирүү менен 3 миңден ашуун адам бөлүшүп, миңден ашуун адам "жакты" белгисин баскан. Азыркы тапта расмий орус тилинен баш тартып кыргыз тилинде гана сүйлөөгө чакырган акция социалдык тармактарда кеңири жайылууда.
Бул билдирүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 3 пунктуна (Кыргыз Республикасы Кыргыз өлкөсүнүн элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет) каршы келерин айрым интернет колдонуучулар жазып чыгышкан.
кошулду


Жыланач патриот болсокда, келечек бугун куралат. Кыргызстанда КЫРГЫЗ тилин суйлобосок, кай жерде суйлойбуз? КЫРГЫЗдар ушунчалык кен пкйил калк келебиз, керек болсо Кыргыз тилин билбеген орустарды Министр кылып шайлап алганбыз.
Чубак бутуп ушул акыныбыз калыптырбы элге акыл уйротчу. Кыргыз тили да, орус тили да биз учун маанилуу. Дуйнолук маалыматтар бизге орус тили аркылуу гана жетет. Ошого рахмат дейлик. Болбосо анын баарын жыланач акыныбыз котормок беле. Орус тили дуйнолук тил катары эсептелинет. Ошондуктан аны баалашат. Ашып баратса англис тилин уйронгон жакшы. Кыргызча суйлогон акын деле бир нерсе кыйратканын коро элекмин.
Азыр ошо келечекти кууру учун чон илим билим керек. Жаны илимдин баары бизге орус тили менен жетет. Мага орус тилинин пайдасы коп болду. Ошондуктан мен аны баалайм.
Россияда же Озбекстанда бир кыргыз чон жумушта иштеп атабы? Жок! Орус тилин билбесен дворник кылып да албайт жумушка, бир эмес, бир нече тил билген абдан жакшы, бирок Урмат сый болуш керек эне тилге..
Туура териштириш керек. Эртен орусияда кыргызча суйлоп жургон биздикилерди кууп чыгат. Кыргызстан коп улуттуу олко. Коп адамдар орус тилин баалашат. Эч кимди кыйнап мындай суйлогуло деп айта албайсын. Аны Чубак эле жасабаса. Акын акыркы кундору молдо чалыш болуп, элди артка тартып жатат окшойт. Акын орусчадан кыйналып жатса орусча окусун, башкаларга акыл айтпай.
мисалы,рассияда биздин иш канада 20 чакты жалан кыргыздар иштейт,башкаруучубуз эгер кыргыз тилинде оз тилинерде суйлошсонор 500руб штраф жазам деп айтты жана айтканын жасады,бул жер москва силер рассиядасынар менин жеримдесинер орус тилинде суйлогуло деп айтты, айла жок орусча суйлойбуз, билбегендер акырын келиб шыбырап созун айтат, айла жок ботон элдебиз,