super.kg logo
  Спорт  

Мушкер Алмазбек Раимкулов үйлөндү. "Жубайым экөөбүздү чынчылдык, таза махабат бириктирип турат" дейт ал

 

Дүйнөгө Кид Даймонд деген ат менен таанылган кыргыз боксчусу Алмазбек Раимкулов үйлөндү. Алмазбек Раимкулов буга чейин теле алпаруучу Ассоль Молдокматовага үйлөнгөнүн көпчүлүк билет. Экөө тил табыша албай калыштыбы, айтор, көп узабай ажырашып кетишкен. Ассоль айымга чейин ал Динара аттуу айымга үйлөнүп, экөө 2 балалуу болушкан.

Алмазбек мырза менен жаңы турмушу, акыркы учурда эмне менен алек экендиги тууралуу маек курдук.

Алмазбек мырза жубайы Айжамал менен

- Алмазбек мырза, саламатсызбы? Куш бооңуз бек болсун.

- Рахмат, үйлөндүм. Мендей эркек кишиге жалгыз бой жүрүү жарашпайт.

- Келинчегиңиз да спортчу окшойт. Спорт залда түшкөн сүрөттөрүңүздөн улам ошондой ой келди.

- Жубайым спортту, спортчулардын мээнетин түшүнгөн адам. Дайыма мени колдоп, жөлөп-таяп жүрөт. Аты Айжамал.

- Кантип таанышып калдыңыздар?

- Ата-энелерибиздин жардамы менен, анан, албетте, Аллахтын буйругу менен таанышып калдык. Бизди бири-бирибизге болгон жылуу сезимдер, чынчылдык, турмушка көз карашыбыздын төп келиши жана чыныгы махабат бириктирип турат.

- Ошондо сизди жубайыңыз эмнеси менен тартып алды?

- Албетте, жубайымдын биринчи сулуулугу, эч кандай жасалмалуулугу жоктугу, жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү жана дайыма чындыкты сүйлөгөндүгү мени өзүнө тартты.

Жакында эле туулган күнүм болду. Мен негизи туулган күндү белгилебейм, бирок жубайымдын уюштуруусу менен өзүм машыктырган балдардын жанында мыкты деңгээлде өттү.

- Айжамал эмне менен алектенет?

- Азыркы учурда келинчегим жанымда, менин бизнестериме жардам берет. Андан тышкары да өзүнүн жеке бизнестери бар.

- Акыркы учурда Орусияда деп уктук эле. Ал жакта эмне менен алектенесиз?

- Ооба, Москва шаарында өзүмдүн бокс академиямды ачып, жаш муундарды тарбиялап жатам. Кыргыздын келечектеги чыгаан патриот спортчуларына жол көрсөтүүдөмүн десем болот. Ал жакка кеткенимдин себеби Орусиянын Спорт министрлиги менен келишим түзүп иштеп жатам.

- Ишиңиздин жүрүшү кандай, кыйынчылык болгон жокпу?

- Албетте, башында кыйынчылык болду. Бирок акырындык менен көнүп, ийгиликтин даамын тата баштаганда анын баары унутта калды. Азыркы учурда бизнес, спорт менен алекмин. Менин ишенген профессионалдуу машыктыруучуларым бар, алардын үстүнөн карап айта турган сөздөрүмдү айтып турам. "Кид даймонд" бокс академиямда спорттун 4 түрү бар, бокс, грэпплинг, ММА, тай боксу.

- Спорт академияда ар улуттун өкүлдөрү машыкса керек...

- Ооба, ар улуттун өкүлдөрү машыгат. Кыргыздар да көп. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Кыргыз желеги менен чыгышат. Академиянын ачылганына 1 жылдын жүзү болду, аз убакыттын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Буюрса, баары алдыда, эми дүйнөлүк аренадагы чемпиондорду даярдоо менен алектенем.

- Буга чейинки таймаштарыңызга кайрылсак, профессионалдык спорт аймагында канча жолу жеңилүү ызасын тарткансыз?

- Профессионалдык спорт аймагында отуз мелдештен эки жеңилүү бар. Он сегиз нокаут менен жеңишке жетишкем. Спортчулар үчүн бүт эле таймаштар эсте калат. Ар бир таймашуучу жеңүү максатында чыгат. Эң эле эсте калганы, ошол учурда ата мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдер эсте калат.

- Кыргыз өлкөсүнө качан кайтып келесиз? Көп убакыт АКШда болдуңуз, андан кийин Орусияга кеттиңиз...

- Буюрган күнү барабыз. Кыргыз мамлекетинде иштейбиз деген жаштарга оңдуу шарт түзүп бербей жатышса кантип барабыз? Ошондуктан биздей патриот жигиттер өз мекенине салым кошо албай, сыртта жүрүшөт.

- Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(39)
05.03.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Бунун канчанчы аялы аялдарды алып ажыраша берсек анан кытайлага тиета кичине эркек болгулачы
05.03.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bekub1473kg,номер 2чи Мотуев))
05.03.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз
05.03.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Сизди спортчу катары сыйлайбыз бирок негедир жеке жашоонузду женил ойлуулук менен тузгондой туйула бересиз мисалы молдокматова менен вопще не пара эленер
05.03.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Вера Осмонкулованы жазбапсынар го,ага да уйлонгон эле г
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: