Кытайга турмушка чыккан кыргыз келин: "Жолдошум экөөбүз 13 жылдан бери никесиз жашайбыз. Бирок мурунку жолдошум менен ажыраша элекмин"
Буга чейин "30 миң Кыргыз кызы Кытай жарандары менен никеге турган" деген маалыматты айрым ЖМКлар жазып чыкса, Мамлекеттик каттоо кызматы айтылган маалыматты төгүндөп, 17 жылдын ичинде 195 гана кыргыз кызы Кытай жарандары менен никеге турганын кабарлаган. Ал эми Кытай Эл Республикасынын элчилиги Кытайда канча Кыргыз жараны менен Кытай жараны никеге турганы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.
Өзүн Чынара деп тааныштырган кыргыз кызы 13 жылдан бери Кытай жараны менен жашап жатканын, бирок экөө никеге турушпаганын SUPER.KG'ге айтып берди.
"Жолдошум Кытай жараны. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп турмуш курганыбызга 13 жыл болду. Азыр Кант шаарында жашап, эки уулду тарбиялап жатабыз. Улуусу 12, кичүүсү 5 жашта. Экөө тең кыргыз, кытай жана орус тилдеринде эркин сүйлөшөт. Бирок эч кандай нике тууралуу каттоого турган эмеспиз", - деди Чынара.
Ошондой эле өзү сыяктуу Кытай жарандарына турмушка чыккан кыргыз кыздарын көп жолуктуруп жүргөнүн жана бул кадимкидей эле көрүнүш болуп калганын белгиледи.
"Жолдошум бул жакта тиш доктур болуп иштегендиктен ага келген кытайлык кардарларынын да көпчүлүгү кыргыз кыздар менен жашашат экен. Баламдын классташтарынын арасында да апасы кыргыз, атасы кытай балдар бар. Алар никеге турушканы же турушпаганы боюнча маалыматым жок. Каттоо кызматынын тараткан маалыматын интернеттен окудум. Мындан улам көпчүлүгү никеге турушкан эмес болсо керек деген ойго келдим. Бизге да "никеге туруш керек" деп айтылганда, жолдошум анын анчалык зарылчылыгы жок экенин айткан. Ошол учурдан бери эле жакшынакай жашап жатабыз. Мурдагы жолдошум Кыргыз жараны, эмнегедир аны менен азыркыга чейин ажыраша элекмин. Ал экөөбүздүн ортобузда бир кыз, бир уулубуз бар. Улуусу 20, кичүүсү 19 жашка чыкты", - деди ал.
кошулду


Динден пайда жок болсо, эмне кылат анан адамдар. Кор оокаттын айынан барбаган жерлерине барышат. Ачка адам динди тушунгусу да келбейт. .
Азыр бизнесинин б тамгасы да жок. Жакшына уйу болгон экен, кредитин жабамын аны жиберген. Синдиси участок алган экен. Азыр ошого уй салып бизге кошуна.
Калат окшойбуз