Өзбек президенти кыргыздар көп жашаган "Манас" айылын 45 күндө "гүлдөттү"
Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев Өзбекстандагы өнүгүүдөн артта калган “Манас” айылын таанылгыс кылып өзгөрттү. Этникалык кыргыздар көп жашаган бул айылды алдыңкы айылдарга кошуу үчүн 45 күн гана керектелген. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланган.
Маалым болгондой, "Манас" айылы Жизак облусунун Достук районунда жайгашкан. Өзбек бийлиги артта калган айылды гүлдөгөн аймакка айлантуу канча убакытта ишке аша турганын билүү максатында эксперимент кылып көргөн.
"Биздин эл ушундай аянычтуу шартта жашаганына жүрөк ооруйт. Мен "Манас" айылынын мисалында бизди алдыда кандай иштер, тапшырмалар күтүп жатканын айткым келди. Биз шарты эң катаал, жакыр айылдан баштабасак, эл бизге ишенбейт", - деген Мирзийоев.
Ажонун бул сөзүнөн кийин "Манас" айылындагы эски үйлөр, имараттар бульдозер менен сүрүлүп, ордуна жаңы эки кабаттуу көп батирлүү үйлөр, поликлиника, спорт аянтча, бала бакча курула баштаган. Кала берсе, айыл эли тери жана жүн чыгарууну өздөштүрүп баштаганы маалымдалат.
Белгилей кетсек, өзбек өлкө башчысы өзү да Жизак облусунда төрөлүп өскөн. Ал эми "Манас" айылы 1960-жылдары курулуп, учурда ал жакта 7 миңге чукул жашоочу бар экени айтылат.
кошулду
Өзбекстандын ажосу Манас айылын 45 күндө таанылгыс кылып өзгөрттү

















1 | 2 |