super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Мюнхен. Жарым финал. Дөө-шаалар

 

Чемпиондор Лигасы эмне үчүн эң беделдүү мелдеш экендигин “Ливерпуль” - “Рома” көргөздү. Бул мелдеште мыкты оюн көрсөтпөй коюу мүмкүн эмес. Бүгүн талаага чыныгы дөө-шаа командалар чыгышат. Мюнхен шаары. “Бавария” - “Реал”.

“Бавария” баарына даяр

Мюнхендик гранд Чемпиондор Лигасынын чечүүчү оюндарына чейин ички “көйгөйлөрүн” чечип койду. “Бавария” бир канча тур калганда өлкө чемпиондугун жеңип алды, өлкө кубогунун финалына да чыкканга жетишти. Эми кезекте Чемпиондор Лигасы. Башкы машыктыруучулукка Юпп Хайнкес кайтып келгенден тарта немис клубу кайрадан от алып, атаандаштарын дээрлик сезбей келүүдө. Өткөн жылы дал ушул “Реал” чейрек финалдык оюнда “Баварияны” жеңип алган эле. Ал оюнда калыстардын иши тууралуу узун кеп козголгон. Эми бир жыл айланып өтпөй, “Бавария” бул беттешти татыктуу жеңип чыгуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк алды. Бул оюнга Артуро Видаль жаракатынан улам чыга албайт. Ал эми калган негизги оюнчулар бардыгы калыпта. “Зидандын “Реалы” абдан күчтүү. Алардын көргөзгөн оюну чындыгында купулга толот. “Бирок Бавария” дагы бул беттешке даяр. Демек, абдан кызыктуу беттеш күтүлөт”, - деп божомолдойт Юпп Хайнкес.

Роналду “Реалдын” башкы көзүрү

“Бавария” баарына даяр болсо, “Реал” жаңы рекорддорго даяр. Үчүнчү ирет катары менен финалга чыгуу - бул болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Ал үчүн, албетте, олуттуу атаандаштын айласын табуу керек. Зидандын ишенген көзүрү айтпаса да белгилүү. Ал Криштиану Роналду. Быйылкы Чемпиондор Лигасында 15 жолу айырмалана алган бомбардир аталган мелдеште керемет оюнун көргөзүп келүүдө. Эгерде португалиялык чабуулчунун оюну жүрүп кетсе, анда Ульрайхтын дарбазасына бир нече голдор кирери боло турган иш. “Баварияны жана анын машыктыруучусу Юпп Хайнкести абдан сыйлайм. Бул оюнда фаворит жок. Боло турган беттеш эки команда үчүн оңой болбойт”, - деп белгилейт Зинедин Зидан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(43)
25.04.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Реалга ийгилик каалайм, Бавария менен Реалдын оюну кызык болору талашсыз
25.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Hala Madrid!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: