super.kg logo

Азимов: "Өзбек аскери мени сүйрөп бара жатканда, колундагы рацияны жулуп алып качтым"

 
Өзбек аскери Кыргыз аймагына өтүп, Азимовду карап заара ушатып жатканын сүрөткө тартып алган
Өзбек аскери Кыргыз аймагына өткөн учур
Өзбек аскери менен Кыргыз жараны
Абдрашит Азимов Өзбек аскеринен тартып алган рация

"Өзбек аскери чек арадан кирип келип, заара ушатып, итин агытып мени сүйрөп кетейин деп жатканда рациясын жулуп алдым" деди Абдрашит Азимов SUPER.KG`ге жооп берип жатып.

Окуя бүгүн, 29-апрелде түшкө жуук болгон. Анда Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы чек ара тилкесинде жашаган Абдрашит Азимов короосундагы бактарын сугарып жүргөн. Ошол учурда Өзбек аскери ага тийише баштаган.

"Мен атам тиккен бактарды сугарып жаткам. Бир убакта Өзбек аскери биздин аймакка өтүп алып "суу койбо" деп кыйкыра баштады. Мен анын себебин сурадым. Жооп бербестен мен тарапка карап заара ушатты. Мен абдан ачууландым. Өзүнүн тилинде көп сөздөрдү сүйлөдү, анын баарын түшүнгөн жокмун. Анан мага карап, овчарка породасындагы итин агытып жиберди. Анын итин таш менен уруп, эмне үчүн мындайга барганын сурасам, мени жакамдан кармап Өзбекстандын аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды. Ошол учурда колундагы рацияны жулуп алдым да, колунан чыгып, качып кеттим. Кийимдерим айрылды. Менде бул фактыларды тастыктаган, сүрөт-видеолор бар. Азыр аларды жарыялабай турам. Эки өлкөнүн жогорку чечүүчү адамдары келсе, аларга берем", - деди Азимов.

Ал Өзбек аскерлери аймакта дайыма эле ушундай кысым көрсөтүп турганын айтып берди.

"Мага алардын рациясынын кереги деле жок болчу. Мен бул кадам менен биздин аймактагы маселени эки өлкөнүн башында турган адамдар билсе дейм. Өзбек аскерлери үй-бүлө, балдарым менен короодо жүргөндө заара ушатып, шылдың кылгысы келет. Балдарыбыз мектепке баргандан коркуп калышкан. Өзбек аскерлерин көрсө коркуп качышат. Аларды мектепке коштоп барып келебиз. Кечээ эле айылда ушуга окшогон окуя болуп, чек ара кызматына кабар бергем. Тилекке каршы, бүгүн дагы кайталанды. Бул маселе чечилбесе бул жакта жашаган калк ашыкча азап тартууда", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин окурман "Ала-Букада Өзбекстандын аскерлери Кыргыз жаранына ит агытып, аны өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды" деген билдирүүнү "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(55)
29.04.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Биздин чондор мнени карап отурат жыл сайын жада калса ай сайын ушундай корунуш адат болуп калгансыйт чондор быдылдап суйлобой иш жузундо качан иштейткен
29.04.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
жонокой элге кыйын как всегда
29.04.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Булардын ойу ушинтсек Кыргыздар уйлорун сатып качат жер биздики болот дейтда
29.04.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Баткендиктер Бишкекте коп болуп кетти калпбы?Барсынарбы уйун таштап же сатып келе бергендер ошолордон жадап бар?!
29.04.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошол жерин жулуп алыш керек эле!!!Карапайым элди ойлогон инсан жок
29.04.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кыргыз аскерлери кайда? качан укпа тажик, озбек аскерлери ала качты, жула качты
29.04.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азаматсын Абдирашит!!! Ал [moderated]дын рациясын алып туурале кылыпсын сенен башка эчким алалбайт болчу.
29.04.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Биздикилер аларга бир нерсе кылыштан коркот,бир нерсе кылса коргой да алышпайт,чондорубуз
озбек,тажиктерге жагынып аны турмого камап или иштен айдап актанышат.А озбек тарап аскерин актап,жашырып коргошот.Ошон учун алар каалаганча атып,суйроп кирсе да наши коз жумуп кормоксон болушат.
29.04.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кыргыз азыр ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-30 09:31:10
29.04.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Рациясын алып туура кылыптыр, номеринен таап жазаласа болот. Биздин 120 жепжутаттын санын 60ка кыскартса болмок президентибиз.
29.04.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эркек екенсин брат
29.04.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
120 жеп жутарларды жок кылыш керек эми
29.04.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эркек экенсин брат
29.04.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Беш алты жыл мурунку окуя эсиме түштү,мен жашаган айыл дагы чек арада,бир жолу чек арага жакын жерде жашаган бир адамдын короосунун багына келип,чек арадан өтүп,эки өзбек аскери көлөкөдө уктап калат,үйдүн ээси экөөнүн тең автоматын бекитип коёт,кийин биздин милиция ортого түшүп,үйдүн ээсин камайбыз деп коркутуп,автоматтарын кайтарып беришкен
tursunbaev78 түзөттү 2018-04-29 18:33:39
29.04.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул адамды дагы биздин бети жок менттер коркутат эми камайбыз деп,кайра өзүнү күнөөлүү кылып
29.04.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
tursunbaev78,мен да ошонусунан корктум да алгач укканда. Иши кылып биздин бийлик кайра өзүнө күнөө койбосокен деп корктум
29.04.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эркек экенсин ырас кылыпсын [moderated]ы.турушун жон эле кердейип.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: